Зардалы айылы интернетке кошулат
Баткендин Зардалы айылы жана мектеби жакын арада интернетке кошула тургандыгын «Кыргыз интернет» коомунун жетекчиси Талант Султанов «Марал” радиосуна маек берип жатып билдирди.
Анын айтымында, айыл алыскы аймакта жайгашкандыгына, электр жарыгы, жол жок экенине карабастан, технология жагынан оор болгон эмес. Айылга интернет киргизүүгө каражат деле оңой табылган. Оорчулукту Кыргызстандын мыйзамдары жараткан.
“Ошентсе да азыр жергиликтүү жарандар менен чогуу иштешип, бүт даярдап атышат. Биз ойлойбуз, жакында мектеп дагы, айыл дагы интернетке кошулат. Эгерде ошол жакта жакшы иштеп кетсе, Зардалы Кыргызстанга эле эмес дүйнөгө жакшы мисал болушу мүмкүн», -деди Султанов.
Талант Султанов маек учурунда башында Зардалыны интернетке кошуу ыкчам эле болот деп ойлогонун, бирок ал жакта лицензиясы бар операторду издөөгө, радиотолкундары кимде экенин издөөгө көп убакыт кеткенин кошумчалаган.