"Эркин-Тоо"

Жүк ташуучу унаа айдаган айдоочулар үчүн ПЧР тесттин баасын арзандатып берүү демилгеси көтөрүлдү

Бүгүнкү Жогорку Кеңештин жыйында эл өкүлү Жанар Акаев өлкөнүн тышкы иштер министрлигинин өкүлүнөн Казакстанга кирип чыккан айдоочулар үчүн коронавирусту аныктоо үчүн алынган ПЧР тесттин баасын арзандатып берүүнү өтүндү.

“Бир айдоочу Казакстанга кайра-кайра кирет. 2 күн сайын казак тарап алардан тесттин жыйынтыгын талап кылып жатат. Алар тест тапшырып каражаты кетип жатканын айтышууда. Ушул маселени карап, казак тарап менен сүйлөшүп берүүңүздөрдү өтүнөт элек. Тест тапшыруу дүйнөлүк талап бирок, жок дегенде Кыргыз Республикасынын Ыкчам штабы менен сүйлөшүп, алар үчүн тесттин баасын 50 пайыз арзандатып берүү керек”,-деди эл өкүлү.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!