Жөлөкпул кимдерге берилет?

21-февраль, 2022-ж. / Жаңыл Дүйшөкеева / Коом 41

Эгерде үй — бүлөдөгү ар бир кишинин айлык кирешеси 1000 сомдон ашпаса, андагы жашы жетелек балдарга төлөнүүчү жөлөкпулдун өлчөмү 810 сомду түзөт. Бул тууралуу  ЖК депутаты Камила Талиева «Парламент» радиосуна берген маегинде билдирди.

“Кайсыл гана айылга барба, биринчи болуп жөлөкпул көйгөйү көтөрүлөт. Мисалы, алыскы чек арадагы Лейлек районунда болгонумда андагы 50 айылды аралап, эл менен баарлаштым. Көрсө, аймактагы жалпы 149 миңдей эл жашаса, алардын 1%дан  ашпаган бөлүгү гана жөлөкпул алышат экен. Колунда бар калк категориясы жөлөкпулга муктаж деле эмес. Бирок, чындап ошол каражатка зарылчылыгы күч элдин суроосу жемкорлук аралашпай чечилиши керек”, — деди депутат.

“Азык – түлүк баалары 2 эсеге өсүп жатканда, жөлөкпул эмнеге жетет? Ошондуктан, “Ата – Журт Кыргызстан” фракциясына ушул теманы алып чыктык. Кайрылгандарды саны көп. Аларга курулай убада бербестен, натыйжалуу жооп кайтарылышы керек. Унаасы барларга жөлөкпул берилбей жатканын тактадык. Көрсө, машинасынын өндүрүштөн чыккан жылы 20 жылга толбосо, короодогу койлорунун эсеби 20дан ашса, бодо малынын саны 3төн көп болсо, чоң ата – энесинин үлүш жери бар болсо андай үй – бүлөнүн балдары жөлөкпул ала алышпайт экен. Мындай маалыматтарды тиешелүү министрлик өкүлдөрү белгилешти. Ал эми унаасы эмес, ичерге топук болчу ашы, короодо мал туягы жок жарандарыбыз деле жок эмес. Бирок, чындап жөлөкпулга муктаж болгон андай адамдарыбыздын балдарына эмне себептен өгөйдөй мамиле жасалышы керек? Ага жол бербей, калыс чечим чыгарууну талап кылчу комиссиянын курамын карап чыгууга мезгил жетти”, — деди эл өкүлү.

Бул багытта так анализ жүргүзүп, чек ара аймактарындагы райондорду алгачкы долбоор катары тандап, 3 жашка чейинки балдарга жөлөкпул төлөө тартибин караган мыйзам долбоору даярдаларын Камила Талиева билдирди.

21-февраль, 2022-ж. / Жаңыл Дүйшөкеева / Коом 41
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X