КЫРГЫЗ наркындагы жылсанак
— Абакир агай, акыркы жылдарда кыргыз жылсанагы боюнча талаш-тартыштар жүрүп, талкуулар уюштурулуп, бирок бирдиктүү жыйынтыгы чыкпай келет. Качан биз өзүбүздүн жылсанакка келебиз? Негизи эле, бизде жылсанактын кандай түрлөрү бар? Ушулар боюнча айтып кетсеңиз…
— Жылсанак (календарь) — астрономиялык кубулуштарга негизделген узак убакыт аралыгын аныктаган жадыбал. Азыркы мезгилде дүйнө элдеринде илимге негизделген үч түрдүү жылсананак колдонулат.
Биринчи. Ай жылсанагы (хижра календары) — Айдын жаңырышына негизделген эң байыркы жылсанак, азыркы кезде ислам өлкөлөрүнүн расмий жылсанагы. Бир жыл 354,36 суткага барабар, рамазан айы хижра жылсанагынын 9-айы. Григорий календарынан 10 суткага кыска болгондуктан орозо 10 күн эрте башталат.
Экинчи. Күн жылсанагы – Күндүн асман чөлкөмүндөгү жылдык кыймылы негизделген. Күн жылы 365 сутка 5 саат 48 минута 46 секундага барабар. Азыркы кезде дүйнө элдеринин 80%ы Григорий календары деген ат менен колдонушат. ХIV кылымда Рим папасы Григорий ХIIIтүн буйругу менен такталган. Омор Хаям ХI кылымда тактаган күн календарын Индия республикасы расмий календары катары колдонот. Бул жылсанак Орто Азиянын элдери, алардын ичинде кыргыз эли 1918-жылга чейин колдонушкан. СССР мамлекети түзүлгөндө башка жылсанактарды колдонууга жана жарыялоого тыюу салган декрет жарыяланган. Бул жыл санактын аттары жана түзүлүшү К. Юдахиндин “Кыргызча-Орусча сөздүгүндө” сакталып калган.
Үчүнчү. Ай-Күн жылсанагы – Ай жана Күн жылсанактарынын айкалышы менен түзүлгөн. Биринчи жана экинчи жыл 12 айдан (354 күн), үчүнчү жыл 13 айдан туруп, 383 күнгө барабар. Бул жылсанакты Кытай астрономдору б.з.ч. 2397-жылдан башталган жылсанак түзүшкөн. 1949-жылы Григорий жылсанагы кабыл алынганга чейин Кытайда расмий кодонулган. Ай-Күн жылсанагы Кытайда элдик жылсанак катары када-салттарда колдонулат. Ай-Күн жыл санагы Израиль мамлекети расмий колдонушат. Кыргыз эли Монгол империясынын доорунда (ХIII к.) баштап бул жылсанакты элдик жылсанагындагы аттарына которуу менен колдонуп калышкан. Ошондуктан, азыркы кезде кыргыздын элдик календары деп айтылып жүргөн ай-күн санагындага ай аттары боюнча талаштар чечилбей келет. Кыргыз элинин жыл санагы жогорудагы календарлардан айрымаланып, Айдын Үркөр жылдыз тобуна салыштырмалуу кыймылы боюнча түзүлгөн жылсанак.
— Үркөр-Ай жыл санагы кандай кубулушка негизделген?
— Биринчиси, кыргыз элинин байыркы жыл санагы Айдын Үркөр жылдыз тобу менен жакын келүүсү (тогоолу) жана таң алдында биринчи чыгышы менен аныкталгандыктан Үркөр-Ай жыл санагы деп аталат. Айдын Үркөр жылдыз тобуна салыштырмалуу айлануу кыймылына (сидерикалык айга) негизделген өзгөчө календарь. Үркөр-Ай жылсанак (календары) бир нече миң жыл бою кыргыз эли колдонуп келген Үркөр жылдыз тобу менен Айдын тогоолун (жакын келүүсү) астрометриялык ченөөлөрдүн жана эсептөөлөрдүн тыянактары менен түзүлдү. Экинчиси, кыргыз элинин асман кубулуштары жана жылсанак боюнча билимдери Саймалуу-Таш петроглифтеринде жана жылсанакчылар байкоолордун негизинде сакталган. Мүйүзүнө “Күн көтөргөн” букалар, кулжа, текелер жана шоола чыгарган күн дисктери менен жылсанакчылар байыркы астрономияны таштарга чегип (петроглифтерде) сактап калган.
— Чыгыш жылсанагы Нооруз күнү башталат. Бул биздин майрамбы? Негизи, таштарга чегилген сүрөттөрдөн байыркы жылсанакты аныктоого мүмкүнбү?
— Кытай тарыхынын жазма булактарынан “Нооруз майрамы кыргыздардан башка элдерге тараган, алар жыл жашын Маоши деп аташат”, — деген маалымат табылды. Маоши — кытайча Букачар (Үркөр) топ жылдызын аташат. Бул маалыматтагы Саймалуу Таштагы таш китептердеги астрономиялык белгилер менен далилденүүдө. Саймалуу-Таштардагы петроглифтерде букалардын сүрөтү эң көп кездешет. Уй – эң алгач колго багылган жаныбар. Уйдун сүтүн ичип, этин жеп, букаларын күч, унаа катары пайдаланышкан. Жер айдоо өздөштүрлүп, жаз башталганда таң алдында биринчи чыккан жылдыздар тобун букага окшоштуруп бука деп атай баштаган. Үркөр – азыркы кыргыз тилинде бука дегенди түшүндүрөт. Үркөр жылдыз тобу куралданбаган көз менен карганда жакын жайгашкан 6-7-жылдыздан туруп, башка жылдыздардан айрымаланып көрүнөт. Саймалуу-Таш петроглифтерде соко чегилген букалар көп тартылган. Кыргыз уламыштарында: “Үркөр деген букалары менен жер айдаган дыйкан болот. Үркөрдүн Үлпүлдөк деген кызын Жете баатыр ала качып кетет. Артынан Үркөр балдары менен букаларын минип кубалап, жетейин дегенде Жете баатыр асманга учуп чыгып кеткенде Үркөр да балдары менан асманга учуп чыгышат. Жете баатыр Теңир Атанын алтын казыкка аркандалган аттарын айланып качат. Үркөр да айланта кубалап жетпесине көзү жеткенде Асманды айдап тааруу себишет. Күзүндө таруулар жана самандары чачылып жылдыз болуп калат”. “Талаага таруу чачтым, бул эмне» деген табышмак уламыштын уландысы. Бул уламыштан Алтын Казык, Аксарат, Көксарат, Жетиген, Үлпүлдөк сулуу, Үркөр, Саманчы жолу ж.б жылдыз аттары келип чыккан. Ошондой эле Теңир-Тоо аскаларында жаныбарлардын тегерек мүйүздөрүн ортосунда чекит тартылган. Бул тегеректер астрономияда Күндүн символу деп аталат. Күн асман сферасында (чүмбөтүндө) бир жылда толук бир айланып, ай сайын түрдүү жылдыздарга туш келет. Жылдыздарды жаныбарларга окшоштуруп, куут-туутуна жараша атала баштаган. Күн кайсы жылдызга туш келгенин билдирет. Астрономияда Күндүн бир жылдык кыймылына туш келген жылдыздар зодиак алкагы (зоон –жаныбар) деп аталат.
— Петроглифтер кайсы кылымдан башталган?
— Тарыхчы-окмуштуулардын маалыматы боюнча Саймалуу-Таш петроглифтер б.з.ч. 4-3- миң жылдыкта чегилип, байыркы арийлерге таандык деп эсептешет. Арийлер калтырган “Ригведа” аталган тарыхый мурастагы маалыматтар Саймалуу-Таш петроглифтерде сакталгандыгы аныкталды. Кыргыз эли байыркы арийлерден, сактардан, усундардан, хунндардан түзүлгөндүгү тарыхта жана генетикалык изилдөөлөр менен тастыкталган. Таш китепке тартылган жылдыз картасы менен аныкталган дата б.з.ч. 4699-жыл Үркөр-Ай жылсанагынын башталыш датасы деп кабыл алууга негиз бар. Байыркы жылсанакчылар узак жылдар бою жасалган байкоолордун негизинде, астрономиялык билимдер топтолуп, кийинки муундарга калтыруу максатында жылдыздарды жаныбарларга окшоштуруп ат коюп, аларды таш бетине чегип калтырышкан. Бул жылдыз аталыштары жана символдор байыртан бери кыргыздарга белгилүү болуп, маалыматтарды жылсанактарга колдонушкан.
Зулпукаар САПАНОВ
№22 «Эркин-Тоо» гезити
2024-жылдын 19-марты