ЖАҢЫ МИНИСТРДИН ЧЕЧКИНДҮҮ КАДАМДАРЫ
Өткөн жылдын декабрь айында саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев кызматтан алынып, ведомствонун жетекчилигине УКМКнын Жалал-Абад облусундагы башкармалыгын жетектеп келген Каныбек Досмамбетов дайындалган. Анда тармакка саламаттык сактоо системасына жакын эмес адистин келишин Президенттин маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайыр Орунбеков түшүндүрүп “Саламаттык сактоо тармагында клан-клан болуп бөлүнүү, ички интригалар өтө күчтүү. Мындай системаны анын ичинен чыккан адам өзгөртө албай турганын убакыт көрсөттү. Анткени, ал кайсы бир топтун кызыкчылыгын коргоого аргасыз болот же кескин реформаларга бара албайт. Ошондуктан, бул тармакка коррупцияга жол бербеген, эч бир топко көз каранды эмес, тартип орнотууга эрки жеткен министр келди деп айтууга негиз бар. Тартипке негизделген реформанын жыйынтыгын көп өтпөй эле эл өзү сезе баштайт деп ишендирип кетебиз» деген.
Күтүлгөндөй эле аз убакыт өтүп, саламаттык сактоо системасында сезилерлик реформалар башталды. “Чү” дегенде эле текшерүүлөрдүн натыйжасында өз ишин талаптагыдай аткарбай жүргөн айрым оорукана жетекчилери кызматынан кол жуушту. Министрликтеги жаңы жетекчилик тармак бир гана элдин саламаттыгы үчүн иштөөсү керектигин айтып, ишти талапты катуу коюудан баштады.
2026-жылдын алгачкы айынын аягында министр Каныбек Досмамбетовдун төрагалыгы алдында 2025-жылдагы саламаттык сактоо тутумунун ишинин жыйынтыгын чыгаруу жана 2026-жылга карата артыкчылыктарды аныктоо боюнча жыйынтыктоочу коллегия болуп өттү. Мына ушул коллегияда 2026-жылы тартипке келтирилиши керек деген жагдайлар боюнча сөз болду. Жаңы министр стратегиялык максат катары оорулардын алдын алууга, клиникалык башкарууга жана жоопкерчиликтүүлүк менен иш алып барган заманбап жана туруктуу саламаттык сактоо системасын түзүүнү тапшырма катары койду. Система чынында көйгөйлүү, эскирген инфраструктура жана кадрлардын чет өлкөлөргө агымын токтотуу негизги маселе экендигин министр жашырган жок.
Биринчи кезекте бейтаптарга көңүл буруу керектигин белгилеген жетекчи жалпы ден соолук сакчыларынын негизги маселесин чечип берүүгө киришти. Ал дарыгерлер, жалпы эле системанын кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулатуу, турак жай менен камсыз кылуу шарттарын түзүү, аймактардагы дарыгерлерди колдоо, эл аралык даярдоо программаларын өнүктүрүү жана чет өлкөдө иштеп жүргөн адистерди кайтаруу мүмкүнчүлүктөрүн ачууга багыт алганын, ал тургай мындан ары тармак Президент Садыр Жапаровдун көңүл борборунда болорун белгиледи.
Саламаттык сактоо системасында дартты аныктоо жана аны дарылоодо маселелер көп. Андыктан мындан ары онкология жана жүрөк-кан тамыр оорулары профилактикадан жана скринингден тартып адистештирилген жардамга жана реабилитацияга чейин бардык этаптарда системалуу мамиле талап кылынары белгилүү болду. Эске салсак, өлкөдө жүрөк кан-тамыр дарты менен ооругандар биринчи орунда турат.
Мындан тышкары жаңы мамлекеттик лабораториялык кызматты киргизүү пландалууда. Учурда дартты аныктоодо ооругандардын дээрлик 90%ы жеке лабораториялардын кызматынан пайдаланышат.
Коллегияда 2025-жылы өлкөдө ымыркайлар өлүмү азайганы айтылды. Көрсөткүч 1000 тирүү төрөлгөн балага 13,5ти түзүп, мурунку жылга салыштырмалуу 4,2 %га төмөндөгөн. Бирок, энелер өлүмүнүн өсүшү байкалган. Тилекке каршы, 2025-жылы 48 учур катталып, мурунку жылга салыштырмалуу 35,4%га жогорулаган. Жыйынтыгында министр Каныбек Досмамбетов саламаттык сактоо мамлекеттик саясаттын стратегиялык артыкчылыгы катары каралып, реформалар ишке аша баштай тургандыгын билдирди.
Коллегиянын эртеси эле Досмамбетов 30 жылда көңүл бурулбай келген наркология тармагын жаңылоого киришти. Министр синтетикалык баңгизаттардын, айрыкча жаштар арасында жайылып кетиши өлкөнүн улуттук коопсуздугуна коркунуч келтире баштаганын белгилеп, реабилитациялык иш-аракеттерди күчөтүүнү, анын ичинде Ички иштер министрлиги жана Агартуу министрлиги менен биргеликте жалпы билим берүү уюмдарындагы жана жогорку окуу жайларындагы студенттер арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү көздөп жатканын билдирди. Маалыматтарга караганда, Саламаттыкты сактоо министрлиги Аламүдүн районунун Дачное айылында инсульттан кийинки бейтаптар үчүн 80 орундуу реабилитациялык борбордун аймагында баңги заттарына көз каранды адамдар үчүн мамлекеттик реабилитациялык борбор ачууну пландап жатат. Мындай демилге өлкө эгемендүүлүк алгандан кийин такыр көтөрүлгөн эмес.
Ал ортодо Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева жарандардын дарылануу укугун камсыздоого жана өз убагында сапаттуу медициналык жардам көрсөтүүгө чакырган билдирүү таратты. Акыйкатчы айрыкча онкология дартына чалдыккандарга көңүл бурууга чакырды. Анткени институт жүргүзгөн изилдөөдө онкология дартына чалдыккандардын дарылануу укуктары бузулуп жатканы белгилүү болгон.
Акыйкатчынын билдирүүсү чыга электе эле Каныбек Досмамбетов онкологиялык дартты аныктоо, дарылоодо көп көйгөйлөр бар экендигин да жашырган эмес. Ал тапшырылган милдетти татыктуу аткарбаган Улуттук онкология жана гематология борборунун директору Нурбек
Букуевге жалпы системаны өнүктүрүүгө кызыкдар эмес деген баасын берген.
Нур менен дарылануу үчүн бейтаптар аталган борбордо бир, эки жумалап кезек күтүшөрү, үч аппараттын экөө (Elekta Synergy жана Elekta Synergy Platform) иштебей калгандыктан эскилиги жеткен Babatron аппаратынын жардамы менен гана дарылоо жүргүзүлүп жатканы буга чейин да айтылып келген. Улуттук онкология борборунун маалыматына ылайык, акыркы беш жыл ичинде залал шишикке чалдыкканы алгач аныкталган бейтаптардын болгону 25,6%ы гана нур терапиясын ала алышкан.
Өлкөдө азыр 200гө жакын оорукана, 40тан ашык алгачкы медициналык-санитардык жардам көрсөтүүчү уюм, тез жардам көрсөтүү станциялар жана 100дөн ашык фельдшердик-акушердик пункт иштейт. Дарыгерлердин саны 13 миңден ашат, медайымдар 34 миңге чукулдаган. Андыктан тармакты реформалоо оңойго турбайт. Бирок, темирдей тартип, каржы маселелериндеги көзөмөл күчтүү болсо, чечкиндүү кадамдардан жыйынтык чыгар деген үмүттөбүз.
Жазгүл Кенжетаева