Жаңы жылдан тарта мүмкүнчүлүгү чектелген жана жетим балдарга чегерилген жөлөк пулдар үч эсеге жогорулайт
2022-жылдын 1-январынан тартып мүмкүнчүлүгү чектелген жана жетим балдарга чегерилген жөлөк пулдар үч эсеге жогорулатуу каралып жатат. Бул тууралуу Президент Садыр Жапаров Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарада кыргызстандыктарды куттуктап жатып.
«2009-жылдан бери мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга жөлөкпулдун көлөмү 4000 сомдон көтөрүлө элек экен, октябрдан баштап 6000 сомго, 2022-жылдан тартып 8000 сомго көтөрүлөт. Ал эми ата-энесинин экөөнөн тең айрылган балдардын социалдык жөлөк пулунун өлчөмүн 2022-жылдын 1-январынан тартып үч эсеге жогорулатуу каралып жатат», — деди Президент.
Анын айтымында, социалдык колдоого муктаж жарандарыбыздын айрым категорияларына социалдык колдоо көрсөтүлүп, социалдык жөлөк пулдарынын өлчөмү 2021-жылдын 1-октябрынан 50 пайызга, 2022-жылдын 1-январынан 100 пайызга жогорулайт.
«Ошондой эле ушул жылдын 1-октябрынан тартып пенсиянын базалык жана камсыздандыруу бөлүктөрү индексация болот», -деп кошумчалады мамлекет башчысы.