Жаңы айдоочулук күбөлүктү 3 сааттын ичинде алуу мүмкүнчүлүгү каралууда
Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо борбору билдиргендей, «Автоунааларды башкаруу укугуна айдоочулук күбөлүктү шашылыш берүү» мамлекеттик стандартынын долбоору иштелип чыгууда.
Учурда айдоочулук күбөлүк бардык документтери толук болуп, сынактардан ийгиликтүү өткөн жарандарга стандарттык тартипте 4 иш күндүн ичинде берилет. Ошондой эле жарандар өз тандоосу менен күбөлүктү 3 сааттын ичинде, же болбосо 1 же 2 иш күндө алуу мүмкүнчүлүгү сунушталууда.
Борбордон түшүндүрүшкөндөй, мындай шашылыш кызматты киргизүү документтерди алуу процессин жеңилдетип, кезектерди азайтып, жарандардын кайра-кайра кайрылуусун кыскартат.