Жаңы дайындалган жетекчилер
Бүгүн, Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министри Алымкадыр Бейшеналиев Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлигинин алдындагы Улуттук онкология жана гематология борборунун жана Оорулардын алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин жамааттарына тааныштырды. Бул тууралуу аталган башкармалыктын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка таянсак, Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин буйругуна ылайык, Султангазиева Бактыгүл Бекбоевна УОБнун директору болуп дайындалды.
Ошондой эле, Абдыкадыров Султан Абдылдаевич Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлигинин алдындагы Оорулардын алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин башчысы болуп дайындалды.