Жаңы конуштардын активисттери зордук зомбулукка каршы
«Аялдарга колдоо көрсөтүү» борбору 22-апрелде, “Кабар” агенттигинде «Бишкектеги жаңы конуштардын активисттери аялдарга жана кыздарга карата көрсөтүлгөн зордук-зомбулукка каршы» аталышында пресс-жыйын өткөрдү.
Жыйынга «Аялдарга колдоо көрсөтүү» борборунун координаторлору Аджиева Элиза, Аманбаева Наргиза , «Ак Жар» , «Бакай-Ата» , «Калыс-Ордо» ж.б жаңы конуштардын «Үй-бүлөлүк зордук-зомбулукту алдын алуу» комитетинин төрайымдары жана активист Каныбек Иманкулов катышты.
Зордук-зомбулуктун негизги себеби , шаар аймагында каттоого туруунун кыйындыгы, жашоо турмуштун начардыгы , мыйзамдуу өз укуктарынан кабарсыздыгы экенин белгилешти. Андан сырткары , эрте турмуш куруу, ала качуу , гендердеги теңсиздикке байланышкан окуялары менен бөлүшүп , пикир алмашуу болду.
« Жаңы конуштун тургундары үй-бүлөсүндө маселе болсо , алгач бизге кайрылышат. Биз дайым биринчилерден болуп жардамга келебиз. Мен дагы жалгыз бой эне катары , үй-бүлөдөгү көйгөйлөрдү жакшы түшүнөм , ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө даярмын» — деп белигиледи өз сөзүндө Ак Жар жаңы конушунун «Үй-бүлөлүк зордук зомбулукту алдын алуу» комитетинин мүчөсү Арстанбекова Жыпара.
Эске сала кетсек, өлкөбүздө 400 дөн ашык зордук-зомбулукту, кыйноо жолу менен эрте турмуш курууну, ала качууну алдын алуу максатында түзүлгөн комитеттери бар. Алар жыл сайын бул көйгөй боюнча калк арасында түшүндүрүү иштерин, окууларды , акцияларды өткөрүп келишет.