Жаңжал маалында жабыркаган үйлөр мамлекеттин эсебинен калыбына келтирилет
КР президентинин маалымат кызматынын билдирүүсүндө, Баткендеги кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдан улам өрттөлгөн үйлөр, турак жайлар жана имараттар мамлекеттин эсебинен калыбына келтирилип, талкаланган үйлөр бекер курулуп берилет.
Кагылышуулар 28-апрель күнү башталып, тараптардын жүргүзгөн сүйлөшүүлөрүнөн улам атышуулар токтоп, учурда абал турукташты.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин берген маалыматы боюнча, жаңжалдан Баткен менен Лейлек райондорунда 78 турак үй, эки мектеп, бир ФАП, бир бала бакча, бир ИИМ имараты, үч чек ара заставасы, 10 май куюучу станция, сегиз дүкөн өрттөлгөн.