Жаңжалдан Ички иштер министрлиги 2 млн сомдон ашуун зыян тартты
Ички иштер министринин орун басары Эркебек Аширхожаев 4-майда Жогорку Кеңештин комитетинин жыйынында сүйлөп жатып, кыргыз-тажик чек арасындагы кагылышуудан улам милициянын айылдардагы бөлүмдөрү катуу жабыркаганын билдирди. Эркебек Аширхожаевдин айтымында, эң көп зыян тарткан милиция бөлүмдөрү Лейлек районунун Кулунду, Жаңы-Жер, Көк-Таш, Интернационал айылдарында жайгашканын айтып, алдын ала эсептөөлөр боюнча ИИМ 2 млн 29 миң 829 сомдук зыян тартканын маалымдады.
Мындан тышкары, 18 милиция кызматкери денесинен түрдүү жаракат алышып, имараттар, бөлүмдөрдөгү компьютерлер, унаалар жана башка мүлктөр талкаланган.