Жаан-чачын күчөшү мүмкүн. ӨКМ жана Транспорт министрлиги жарандарды сак болууга чакырды
21-июлдан 25-июлга чейин өлкө аймагында күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо сел жана суу ташкыны жүрүшү мүмкүн.
Ошондой эле дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлөрү күтүлүүдө.
ӨКМ жана Транспорт жана коммуникациялар министрлиги айдоочуларды жана жарандарды жол кыймылынын коопсуздук эрежелерин так сактап, аба ырайынын шарттарын эске алууга чакырды.