ЖАБЫРКАГАНДАРГА КЕНЕМТЕ ТӨЛӨНҮҮДӨ

Кыргызда “Сактыкта кордук жок” деген накыл сөз бар. Кеп чынынан бузулбайт дегендей, нечен убакыттар өтсө да айтылган сөздүн эч актуалдуулугу жоголбоду. Азыркы заман шартында сак болгондун жашоосу тынч жана бейкапар эмеспи. Мисалы, акыркы кезде өлкөдө турак жай, унаа, ден соолукту камсыздандыруу боюнча көп түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Камсыздандырылган жарандар күтүүсүз келген апаат, кырсыктардан чыгымсыз чыгуусу эскертилип келет. Мисалы, ОСАГО полисин алып, өз унаасын камсыздандырган жарандар жол кырсыктарына кабылган чакта зыян тартып, унаадан кол жууп калбай, кайра анын ордун толтуруп алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушууда.

ОСАГОнун жакшы жактарын тизмектей турган болсок, жабырлануучуларды финансылык жактан коргоп, кырсык болгон учурда камсыздандыруу компаниясы үчүнчү жактарга келтирилген зыянды, анын ичинде алардын унаасын же мүлкүн оңдоону, жабырлануучуларды дарылоону камсыздайт. Башкача айтканда, камсыздандыруу компаниясы кырсык болгон учурда үчүнчү жактарга келтирилген зыяндын ордун толтурууга милдеттенет. Айдоочу башка бирөөнүн бузулган унаасы үчүн же жабырлануучулардын дарылануусу үчүн өз чөнтөгүнөн төлөбөйт. Ал үчүн камсыздандыруу компаниясы иш жүргүзөт.

Кыскасы, ОСАГО – бул жол кырсыгында үчүнчү жактардын авто-унаасы же саламаттыгы жабыркаганда чыгымды камсыздандыруу компаниясы төлөп берүүчү система десек болот. Мында 750 миң сомго чейин зыян төлөнөрү белгиленген. Анын 150 миң сому үчүнчү жактын автоунаасын калыбына келтирүүгө, ал эми калган бөлүгү адамдардын саламаттыгын калыбына келтирүү же каза болгондордун жакындарына колдоо иретинде каралган. Атап айтсак, кырсык болгон учурда адам өмүрү үчүн 300 миң сомго чейин, жаракат алгандарга 100 миң сомго чейин төлөмдөр каралган.

ОСАГО – жөн гана формалдуулук эмес, жол кырсыгы болгондо сизди жана башкаларды коргогон каржылык коопсуздук. Ал жабыркагандарга келтирилген чыгымдын ордун төлөп берүү менен сизди чоң чыгымдардан сактайт.

Жогорудагы сөзүбүз куру болбошу үчүн далил келтире турган болсок, Бишкек шаарында үстүбүздөгү жылдын февраль айында жол кырсыгынан жабыркаган 63 жаранга Мамлекеттик камсыздандыруу уюму тарабынан 5 миллион сомдон ашык өлчөмдө кенемте төлөнүп берилди. Кенемтелер жабыркагандарга жума сайын төлөнүп берилүүдө. Анткени, акыркы убакта жол кырсыгы көп катталууда.

Адистердин айтымында, жол кырсыктарынын басымдуу бөлүгү борбор калаада катталат. Үстүбүздөгү жылдын январь айында эле Бишкек шаарында 703 жол кырсыгы катталган. Анын 70–80 пайызы камсыздандыруу полиси бар авто-унааларга туура келет.

Учурда ОСАГО полисинен тышкары КАСКО ыктыярдуу камсыздандыруусу сунушталууда.

ОСАГО – бул кырсыкта айдоочу күнөөлүү болгон учурда үчүнчү жактарга келтирилген зыянды жабууга милдеттүү полис.

КАСКО – бул кырсыкка ким күнөөлүү болгонуна карабастан, ээсинин унаасын коргогон ыктыярдуу камсыздандыруу полиси. Полис кырсыктардан, унааны уурдап качуудан, өрттөн, табигый кырсыктардан, вандализмден жана башка кеңири таралган тобокелдиктерден келтирилген зыянды камтыйт. Андыктан камсыздандыруунун бул түрү артыкчылыктуу. Бирок, камсыздандыруу баасы кымбат.

Бир эле олуттуу кырсык олуттуу чыгымдарга алып келиши мүмкүн. Комплекстүү камсыздандыруу полиси сиздин унааңызды гана эмес, үй-бүлөлүк бюджетиңизди да кымбат оңдоодон, унааны уурдап кетүү жана каржылык жоготуулардан коргойт.

Ал эми Мамлекеттик камсыздандыруу уюму жарандардын укугун коргоп, мыйзамга ылайык кенемтелерди өз убагында төлөп берүүнү улантууда.

Замир Нуртаев, айдоочу:

— Мындан бир ай мурда Төө-Ашуу ашуусунда бара жатып кырсыкка туш болгом. Окуядан кийин тиешелүү кароо жана эсептөө иштери жүргүзүлүп, келтирилген чыгымдын көлөмү аныкталган. Жыйынтыгында мага Мамлекеттик камсыздандыруу уюму тарабынан 150 миң сом өлчөмүндө камсыздандыруу кенемтеси төлөнүп берилди. Мен унаамды камсыздандырып койгондугум үчүн азыр өзүмө ыраазы болуп турам.

Бакытбек Баяманов, айдоочу:

— Өткөн жылдын 12-декабрында Бишкек–Торугарт автожолунда жол кырсыгына кабылгам. Каршы тилкеден келе жаткан жүк ташуучу «Спринтер» үлгүсүндөгү унаа менин унаамды сүзүп кеткен. Кырсыктын кесепетинен унаам катуу жабыркап, жалпы чыгым 300 миң сомго жеткен. Бүгүн Мамлекеттик камсыздандыруу уюму тарабынан келтирилген чыгым үчүн 150 миң сом өлчөмүндө кенемте төлөнүп берилди. Камсыздандыруунун жакшы жагын көрүп, ыраазы болуп турам.

 Жазгүл Кенжетаева

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X