Жайлообай Нышанов аймактарды кыдырып, элдин көйгөйлөрүн укту

19-август, 2026-ж. / Редакция / Жогорку Кеңеш 71

Жогорку Кеңештин депутаты Жайлообай Нышанов 10–19-август күндөрү Ала-Бука, Аксы жана Чаткал райондорунда болуп, бир катар айылдардын тургундары менен жолугушту.

Эл менен болгон баарлашууларда аймактардын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө байланышкан көйгөйлөр көтөрүлүп, аларды чечүү боюнча сунуштар айтылды.

Депутат ошондой эле Аксы райондук күзөт кызматынын өздүк курамы, райондук оорукананын кызматкерлери жана «Кыргызстан аэропорттору» ААКнын Кербен шаарындагы аэропортунун эмгек жамааты менен жолугуп, алардын ишмердүүлүгүнө байланышкан маселелерди укту.Возможно, это изображение один или несколько человек, люди улыбаются, очки для зрения, больница и текст

Иш сапардын алкагында Жайлообай Нышанов бир катар социалдык объектилердин абалы менен да таанышты. Ал Д. Шабданов атындагы Ала-Бука райондук билим берүү борборуна, Н. Жайлообаев атындагы №14 мектепке, Баймак айыл аймагындагы бала бакчаларга, Чаткал районунун Шекафтар айылындагы Гагарин жана Ленин атындагы мектептерге, ошондой эле жаңы курулуп жаткан стадионго барды.

Жолугушууларда көтөрүлгөн маселелердин басымдуу бөлүгү жергиликтүү бийликтин ыйгарым укуктарына кирери белгиленип, аларды чечүү боюнча Ала-Бука жана Чаткал райондорунун мамлекеттик администрациялары тарабынан тиешелүү иштерди жүргүзүү тапшырылды.

Мындан тышкары, коомдук-экономикалык өнүгүүгө жана коомдук иштерге жигердүү салым кошуп келген бир катар жарандарга Жогорку Кеңештин Төрагасынын атынан Ыраазычылык каттар тапшырылды.

 

19-август, 2026-ж. / Редакция / Жогорку Кеңеш 71
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X