Жайылда уруксатсыз курулуш жүргүзгөн төрт объект аныкталды

12-август, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 159

Жайыл районунда уруксат берүүчү документтери жок иш алып барган төрт объект аныкталды. Бул тууралуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Чүй региондук башкармалыгы билдирди.

Текшерүүнүн жүрүшүндө “Турук” туристтик борбору, автоунаа жуучу жана май алмаштыруучу жай, СТОну тандырканага, ал эми дарыкананы чайканага кайра профилдештирүү боюнча жүргүзүлүп жаткан курулуш иштери мыйзам талаптарына жооп бербегени белгилүү болгон.Возможно, это изображение ‎текст "‎ك 4AЙXAHA فا WOOMA ገ2ጣ ኢነገንክ‎"‎

Аталган объекттерде тиешелүү уруксат документтери жок иш жүргүзүлгөн. Натыйжада төрт жеке ишкерге мыйзам бузууларды жоюу боюнча көрсөтмө берилип, жалпы 256 миң сом айып пул салынды.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X