"Эркин-Тоо"

Жайында бетке кам көрүү

Жайында кандай мөмө болбосун бетке маска коюуга болот

— Жайында көп тердегендиктен тынбай суу ичип турабыз. Дене ысып, бет кызып турган кезде муздак сууга бетти жуубаш керек. Бул учурда мөмө-жемиштин баары бышып, организмге витаминдер жетишип турган мезгил болот. Ошентсе да майлуу беттерге кызыл бүдүр чыгып, кургак беттер өтө сезимтал болуп калат.  Бул мезгилде да жазда колдонгон нымдандыруучу бет майды колдонобуз. Негизгиси күн нурунан коргогон бет майды кайда барсак да жаныбызда алып жүрүүбүз керек. Ар бир төрт саат сайын бетти тазалап, SPF фактору бар бет майды сүйкөп туруубуз абзел.  Жайында колунда кандай жемиш болсо аны эзип бетке маска жасап, 10 мүнөттөн кийин жууп салса болот.

Тери күзүндө суукка даяр болушу керек

— Жазда кандай кам көрсөк күздө да дал ошону кайталайбыз. Жазда тери сууктан чыкса, күзүндө суукка даяр болуп барыш керек. Жеӊил пилингдерди жасап баштайбыз. Бул мезгилде аба бирде ысып кетсе, бирде суук болуп кетет эмеспи. Температура алмашкан сайын адашпай, нымдандыруучу жана азыктандыруучу кремдерди коюп туруу зарыл.

Жаз, жай, күз мезгилдеринде сууну көп ичип, жашылча, мөмө жемиштерди көп жеш керек. Терибиздеги көп көйгөйлөр суунун жетишсиздигинен болот. Эркек да, аял да күнүнө 1.5-2 литр суу ичип, жашылча-жемиштерди көп жеп туруусу зарыл. Теринин дени сак болушуна бул азыктардын орду чоӊ.

Кыш мезгилинде беттин териси өзгөрөт. Беттин тибине карап азыктандыруучу бет майларды колдонуу керек. Кышында сууктан коргоочу бет май колдонбой эшикке чыкканда бет тоӊуп, теринин астындагы кан тамырлар ичкерет. Кайра жылуу бөлмөгө киргенде тоӊгон бет кызып чыгат да ичкерген кан тамырлар жыйрылып жарылып кетүүгө чейин барат. Эшикке чыгарда азыктандыруучу бет май коюп, анын үстүнөн SPF фактору бар крем коюу зарыл. Кээ бир адамдар жайында колдонгон нымдаштыруучу бет майын кышында да колдоно берет. Бул туура эмес, анын курамында атайын кристалдар бар. Эгер бул бет майды кышында колдонуп алсаӊыз, кристалдар териге жарака берип жиберет. Кышында туура эмес кам көрүлгөндүктөн пилингдер көп жасалат. Пилинг бул — өлгөн клеткалардан арылуу. Суукка урунуп, травма алып жаткан бетке пилинг жасап турбаса болбойт.

Жазында бетке кам көрүү. Кыштан тери кургап, түлөп, сезимтал, назик болуп чыгат. Бул мезгилде кышта колдонгон азыктандыруучу (питательный) бет майды курамында С витамини бар нымдаштыруучу (увлажняющий) бет майга алмаштырып, күндөн коргоочу бет майдын SPF50 дегенин колдонуу керек. С витамини беттин өӊүн жакшыртып, тунартып, теринин иммунитетин көтөрөт. Бул витамин бар бет майды койгондон кийин анын үстүнөн күн нурунан коргоочу кремди койбой туруп көчөгө чыгууга болбойт. Нымдаштыруучу маскаларды, жеӊил пилингдерди жасап туруу керек. Кечинде лимон менен аарчып турса да жакшы жыйынтык берет

Жазында жасалуучу нымдаштыруучу маска:

— Бир лимонду экиге бөлүп, жарымынын суусун сыгып алабыз. Ага бир аш кашык бал, бир жумуртканын сарысын кошуп аралаштырат. Эгер тери кургак болсо бир аш кашык зайтун майын кошуп койсо болот. Жакшылап аралаштырып 20 мүнөт муздаткычка салып коебуз. Андан соӊ бетке тегиз сүйкөп 20-25 мүнөт жатыш керек да, кийин жылуу суу менен жууп салабыз. Бул масканы эркектер да, аялдар да колдонсо болот.

 

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!