Жакшылык жасоонун энциклопедиясын түзгөн Самаков

26-май, 2026-ж. / Редакция / Коом 256

Ааламдашуунун, санариптештирүүнүн барган сайын күч алган азыркыдай шартында жаш жеткинчектерди мындай кой, акыл-эси толуп-ташып турган замандаштарыбыз деле интернеттин миң түрлүү кызыгынан кыя өтө албай калганын кайда катат элек? Мындай “жугуштуу оору” өзгөчө балалык баё сезимдеги секелектерибиздин жан дүйнөсүнөн орун алып, шаар тургай, айылдардагы кенже курактагы наристелерибиз “чөнтөк телефондун дүйнөсүнөн” чыга албай калган чактары.

Заман агымындагы мындай терс көрүнүштөргө карата учурда педагогдор, балдар психологдору, дарыгерлер, өнөрпоздор баштаган акын-жазуучулар жабыла баш оорутуп, “кеселге” каршы турууга бел байлашканы менен жыйынтыгы азырынча сезилерлик деңгээлде байкалбайт. Ушундай боштукту толуктоо үчүн өткөн жылы “Манас”, “Семетей”, “Сейтек” үчилтиги атайын кенже курактагы балдар үчүн арналып, С.Рысбаев, К.Самаков, А.Бекбоева, Т.Рысбаев, К.Искендерова баштаган авторлордун эмгеги астында даярдалып, жарык көрдү. Албетте, мындай ири эмгек интернет дүйнөсү кулачын жайып, улуу-кичүүнү бирдей “оп тартып” бараткан азыркыдай шартта кыргыз билим берүү академиясынын окумуштуулар кеңеши тарабынан жактырылган.

Балдарга арналып, алгач ирет түзүлгөн бул китепте кыргыз элинин “Манас”, “Семетей”, “Сейтек” баатырдык эпосторунун кыскача сюжетин жана андагы баатырлардын образдарын кенже курактагы жеткинчектерге жеткирүү, жеткиликтүү ыкма аркылуу тестиерлерди үлгүлүү, келечекте эл-жер үчүн оң сапаттарга тарбиялоо максатын көздөйт. Эбегейсиз эпостогу окуялар менен андагы каармандар жаш жеткинчектердин жан-дүйнөлөрүнөн орун алып, аларга жеткиликтүү болушу үчүн урунттуу жерлеринен гана учкай үзүндүлөр алынып, атайын сүрөт баяндамалар менен коштолгон. Бул жыйнактагы дагы бир өзгөчөлүк мындагы сүрөттөр мурда-кийин башка басылмаларда жарыяланбаган, өзгөчө сапаттагысы, окурмандарды өзүнө тарта алгандыгы менен айырмаланат.

Бөбөктөрдүн китеп текчесине арналган бул жыйнактын чыгышына жооптуу милдетти Сулайман Рысбаев алса, кеңешчилик милдетти белгилүү залкар манасчы Замир Баялиев аркалаган. Ал эми идеялык бөлүгүн, карандай эмгеги менен мындагы оңой эмес каражаттардын баардыгын кыргыз үчүн улуу иштерди унчукпай жүрүп үндөбөстөн бүтүрүп келген, “Манас” эпосу баштаган кыргыздын рухий баалуулуктары үчүн тарыхый иштерди жасап, кыргызга жакшылык жасоонун энциклопедиясын түзгөн Карганбек Самаков аркалады.

Калыгул Бейшекеев

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X