Жакында өлкөгө «Спутник V» вакцинасынын кийинки партиясы келет
Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалыматына ылайык, 15 күндүн аралыгында Россиядан коронавируска каршы «Спутник V» вакцинасынын кийинки партиясы келет. Маалыматка ылайык, Кыргызстан 50 000 адамга дагы 100 миң доза препарат алууга буюртма берген. Вакцинанын бир дозасы 10 доллардан айланууда.
Эске салсак, Россиядан буга чейин 20 миң доза вакцина буюртма менен алынып келген.