Жакында 3408 тургун таза суу менен камсыз болот
Айыл чарба министрлиги билдиргендей, Баткен облусунун Лейлек районундагы Мурас айылында жаңы суу менен камсыздоо системасы курулуп, иш аяктоо алдында турат. Жакынкы күндөрү 3 миңден ашуун тургун таза жана коопсуз ичүүчү сууга жеткиликтүү болот.
Долбоор «Климаттын өзгөрүшүнө туруктуу суу чарба кызматтарын жакшыртуу» программасынын алкагында ишке ашууда. Курулуштун соңку этабында резервуарлар курулуп, сууну тазалоочу заманбап хлораторлор орнотулду. Ошондой эле суу алуучу жайлар жаңыланып, жалпы узундугу 17 чакырымдан ашык магистралдык жана бөлүштүрүүчү түтүктөр тартылды.
Объект пайдаланууга берилсе, 3408 тургун жашаган 537 кожолук борборлоштурулган суу системасына кошулат.
Курулуш иштерин Ичүүчү суу менен камсыздоону жана саркынды сууларды чыгарууну өнүктүрүү департаментинин Долбоорлорду ишке ашыруу бөлүмү жүргүзүүдө.