Жакынкы Чыгыш, Афганстан жана Пакистан: Кыргыз жарандарына маанилүү эскертүү
Тышкы иштер министрлиги Жакынкы Чыгыш аймагында, ошондой эле Афганстан жана Пакистанда кырдаалдын курчушуна байланыштуу чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргызстандын жарандарына кайрылуу жасады.
Министрлик жарандарды коопсуздук чараларын күчөтүүгө, расмий маалымат булактарына гана ишенүүгө жана зарыл учурда төмөнкү дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн ыкчам байланыш телефондоруна кайрылууга чакырат:
КРдин Кувейттеги элчилиги: +965 5088 7691
КРдин Катардагы элчилиги: +974 5066 7001
КРдин Сауд Арабия Падышачылыгындагы элчилиги: +966 5837 69945
КРдин БАЭдеги элчилиги: +971 5222 55269
КРдин Дубай шаарындагы Башкы консулдугу: +971 5229 18840
КРдин Ирандагы элчилиги: +98 21 2283 0354; +98 935 250 5229
КРдин Израилдеги резиденциясы (Анкара шаарында жайгашкан элчилик): +90 545 689 6800
КРдин Афганстандагы элчилиги: +93 779 099 326
КРдин Пакистандагы элчилиги: +92 333 555 6343
КРдин Израилдеги ардактуу консулу: +972 53 321 4916
Мындан тышкары, шашылыш жагдайларда Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Консулдук департаменти менен төмөнкү номер аркылуу байланышууга болот:
+996 999 312 002