Жакынкы Чыгыштагы кырдаал ТМУ жыйынында көтөрүлдү

20-апрель, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 11

18-апрелде Анталия шаарында Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Түрк мамлекеттер уюмунун Тышкы иштер министрлеринин кеңешинин бейформал жыйынына катышты. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, жыйындын жүрүшүндө регионалдык жана глобалдык актуалдуу маселелер, ошондой эле ТМУ+ форматындагы өнөктөштөр менен кызматташуу маселелери талкууланды.

Жыйындын алкагында Кулубаев Жакынкы Чыгыштагы чыңалуунун күчөшүнө тынчсыздануусун билдирип, бул кырдаалдын кесепеттери аймактан тышкары чыгып, транспорттук-логистикалык жана экономикалык байланыштарга терс таасирин тийгизип жатканын белгиледи.

Министр ошондой эле учурдагы чыр-чатактарды эл аралык укуктун негизинде тынчтык жана саясий-дипломатиялык жол менен чечүүгө чакырып, тараптар өз ара алгылыктуу чечимдерге жетишет деген ишенимин билдирди.

Мындан тышкары, жыйында Түрк мамлекеттер уюмунун мамлекет башчыларынын Казакстанда өтө турган бейформал саммитине даярдык көрүү жана аны өткөрүү маселелери, ошондой эле уюмдун иш регламенти талкууланды.

20-апрель, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 11
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X