Жалал-Абад: Базарда соода кылгандардын телефондорун уурдаган жаран кармалды

25-март, 2022-ж. / Редакция / Жаңылыктар 42

Жалал-Абад милициясы базардан бир нече телефон уурдаган жаранды кармады. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык ички иштер бөлүмүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Жалал-Абад ОИИБнө 4 жаран арыз менен кайрылышкан.

Ага ылайык, 9-февралдан 5-мартка чейинки аралыкта базар ичиндеги соода жайларынан күндүзгү убакытта эле уюлдук телефондорун белгисиз кылмышкер уурдап кеткендигин айтышкан. Жабырлануучулар телефондорун соода кылган контейнерлеринде зарядда же отурган жеринде калтырышып, өздөрү жакынкы аралыкта эле болушкан учурда жоготушкан. Жалпы чыгым 70 миң сомдон ашуун акчаны түзгөн. Арыздануучулар мыйзам чегинде чара көрүүнү талап кылышкан.

Бул факты Жалал-Абад ШИИБдин Кылмыштардын бирдиктүү реестрине КР Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (Уурдоо) менен катталып, кылмыш иши козголгон.

«Милиция кызматкерлери ыкчам-иликтөө жүргүзүп, натыйжада , мурда бир нече жолу соттолгон Жалал-Абад шаарынын тургуну 1992-ж.т. М.И. кармалган. Ал 2022-жылдын 13-январь күнү Молдовановкадагы жаза аткаруу мекемесинен бошоп келгендиги белгилүү болгон», деп айтылат маалыматта.

Тергөөнүн жүрүшүндө шектүүнү 2 айга КР ЖАМКнын Ош шаарындагы №25 мекемесине камакка алуу түрү тандалган.

 

 

 

25-март, 2022-ж. / Редакция / Жаңылыктар 42
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X