Жалал-Абад: Милиция айылдарда жана мечиттерде эл менен жолугушууларды өткөрүүдө

10-август, 2021-ж. / Жаңыл Дүйшөкеева / Аймак 32

Ала-Бука райондук ички иштер бөлүмүнүн милициясынын көчмө кабылдамасынын экипажы жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, айыл башчылары жана чек ара кызматкерлери менен биргеликте, райондун Өзбекстан Республикасы менен чектеш жайгашкан айылдарында жарандардын коопсуздугун камсыздоо, коронавирус илдетинин жайылып кетүүсүнүн алдын алуу, сууга чөгүү кырсыктарынын, топтошуп мушташуу жана башка ушул сыяктуу аракеттердин алдын алуу максатында, айылдардагы базарларда, соода түйүндөрүндө, дарыканаларда жана эл көп топтолгон жайларда түшүндүрүү жана алдын алуу иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Ал эми Ноокен РИИБдин жетекчилиги Масы айылындагы борбордук мечитте, Ноокен районунда катталып жаткан үй-бүлөлүк зомбулук, сууга чөгүүлөр жана райондогу кылмыштуулук боюнча маалымат берип, ар кандай кылмыш кырсыктардан оолак болууга үндөштү. Мындан тышкары жарандык милдеттерди аткарууда милиция менен тыгыз байланышта кызматташууга чакырышты.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X