Жалал-Абад облусунун юстиция башкармалыгына жаңы жетекчи дайындалды
Чынгыз Сайпиев Жалал-Абад облусунун юстиция башкармалыгынын начальниги болуп дайындалды.
Тиешелүү буйрукка Кыргыз Республикасынын юстиция министри 2026-жылдын 21-сентябрында кол койгон.
Сайпиев юстиция тармагындагы эмгек жолун Ош облусунун юстиция башкармалыгында баштаган. Ал юстиция системасында тажрыйба топтоп, кесиптик ишмердүүлүгүн улантып келген.