Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчилиги, бөлүм жана кызмат башчылары, өздүк курам коронавируска каршы эмдөөдөн өтүштү. Алгач кызматкерлердин кан басымы, сатурациясы текшерилип, андан соң жугуштуу илдетке каршы вакцина менен эмделишти. Белгилей кетсек, коронавируска каршы эмдөө 2 баскыч менен жүргүзүлөт. Кызматкерлер 21 күндөн кийин ушул эле вакцинаны экинчи жолу алышат.