Жалал-Абадда 64 жаранга мыйзамсыз пенсия чегерилген
Жалал-Абад облусунун прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө психиатриялык аймактык райондор аралык медико-социалдык эксперттик комиссиянын (МСЭК) жооптуу кызмат адамдары мыйзамсыз аракеттерге барганы аныкталды.
Маалыматка ылайык, кызмат адамдары тиешелүү медициналык-социалдык экспертизаларды өткөрбөстөн, «ИС МСЭК» маалыматтык системасы аркылуу жасалма маалымкаттарды түзүшкөн.
Аталган жасалма документтердин негизинде 2025–2026-жылдары 64 жаранга мыйзамсыз пенсия чегерилип, мамлекетке 4 миллион сомго жакын материалдык зыян келтирилген.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен кылмыш иши козголду.
Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.