Жалал-Абадда баңгизаттын алдын алуу боюнча 147 иш-чара өткөрүлдү

29-сентябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 81

Жалал-Абад облусунда жыл башынан бери баңгизаттын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнүн алдын алуу боюнча 147 иш-чара өткөрүлдү.

Бул тууралуу баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү жана жаштар арасында профилактикалык иштерди күчөтүү боюнча өткөн кеңешмеде айтылды.

Жыйында синтетикалык баңгизаттардын жайылышы, психотроптук заттарды мыйзамсыз сатуу жана аларды интернет аркылуу таратууга бөгөт коюу маселелери талкууланды.

Өзгөчө жаштарды интернет аркылуу баңгизат соодасына тартуу көйгөйүнө көңүл бурулду. Социалдык тармактардагы баңгизаттарды жарнамалоого каршы күрөшүү, түшүндүрүү иштеринин жаңы форматтарын киргизүү, жаштарды спорттук жана маданий иш-чараларга тартуу сунушталды.

Ошондой эле ата-энелер, мугалимдер, укук коргоо органдары, жергиликтүү бийлик жана коомчулуктун биргелешкен иш алып баруусунун маанилүүлүгү белгиленди.

Профилактикалык иш-чаралар билим берүү мекемелеринде, дарыканаларда, түнкү көңүл ачуучу жайларда жана башка коомдук жайларда өткөрүлгөн.

29-сентябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 81
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X