Жалал-Абадда көп кабаттуу үйдүн курулушу токтотулду: компанияга 200 миң сом айып салынды

7-август, 2026-ж. / Редакция / Аймактарда 225

Жалал-Абад шаарындагы Байзаков көчөсү, 46 дарегинде салынып жаткан көп кабаттуу турак жай комплексинин курулушу мыйзам бузуулардан улам токтотулду.

Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Жалал-Абад региондук башкармалыгы жүргүзгөн текшерүүдө бир катар мыйзам бузуулар аныкталган. Анын ичинде курулуш иштери бекитилген долбоордон четтөө менен жүргүзүлүп, турак жай комплексинин бир блогунда уруксат берүүчү документтерсиз курулуш башталган. Мындан тышкары, курулуш аянтчасында санитардык жана техникалык талаптар сакталган эмес.

Аталган фактылар боюнча курулуш иштерин жүргүзгөн «Меркит Курулуш» ЖЧКсына акт түзүлүп, 200 миң сом айып пул салынды.

Ошондой эле аныкталган мыйзам бузуулар толук жоюлганга чейин курулуш иштерин жүргүзүүгө тыюу салынды.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X