Жалал-Абадда курулуш объекттериндеги сапат жана коопсуздук маселелери талкууланды

27-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 61

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Жалал-Абад региондук башкармалыгы курулуш компанияларынын өкүлдөрү менен жыйын өткөрдү.

Жолугушууда курулуш иштерин бекитилген долбоорлорго ылайык жүргүзүү, курулуш ченемдерин жана эрежелерин сактоо, эмгекти коргоо жана объекттердеги коопсуздукту камсыз кылуу маселелери каралды. Ошондой эле курулуш материалдарынын сапатына жана мамлекеттик стандарттардын сакталышына өзгөчө көңүл бурулду.Возможно, это изображение учеба, отдел новостей и текст

Жыйынга “Кыргыз-Кытай-Өзбекстан” темир жолунун курулушун жүргүзүп жаткан “Чайна Рэйлвей Интернэшнл” ЖЧКсынын жана Манас шаарындагы муниципалдык базардын курулушуна жооптуу “Сяо Сан” ЖЧКсынын өкүлдөрү катышып, пикир алмашуу болду.

Жыйынтыгында курулуш компанияларынын өкүлдөрүнө мыйзам талаптарын так сактоо, сапаттуу курулуш материалдарын колдонуу, бекитилген долбоордук чечимдерден четтебөө жана курулуш аянтчаларында коопсуздук эрежелерин камсыз кылуу зарылдыгы эскертилди.

27-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 61
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X