Жалал-Абадда курулуш тармагындагы актуалдуу маселелер талкууланды
Жалал-Абад регионалдык шаар куруу жана архитектура башкармалыгында башкармалыктын начальниги Дастан Кадыровдун жетекчилиги алдында жыйын өттү.
Ага облустагы райондук жана шаардык башкармалыктардын жетекчилери катышып, тармактагы актуалдуу маселелер, алдыдагы пландар жана аткарылып жаткан иштер талкууланды.
Жыйындын алкагында 2-август – Куруучулар күнүнө карата мыкты көрсөткүчтөрдү көрсөткөн кызматкерлер Ардак грамоталар жана ыраазычылык баракчалары менен сыйланышты.
Ошондой эле кызматтык тартипти чыңдоо, жарандарга сапаттуу кызмат көрсөтүү жана курулуш-архитектура тармагындагы иштердин натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча милдеттер белгиленди.