Жалал-Абадда мамлекеттик тил мыйзамынын аткарылышы талкууланды

28-февраль, 2022-ж. / Жаңыл Дүйшөкеева / Аймак 55

Буга чейин Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын кызматкерлери Жалал-Абад облусундагы мамлекеттик мекеме-ишканаларда, жогорку жана атайын орто окуу жайларда иш кагаздардын кыргыз тилинде жүргүзүүнүн абалы, документтерде грамматикалык эрежелеринин сакталышы боюнча жеринде мониторинг жүргүзгөн.

Анын жыйынтыгы менен мекеме-ишканаларда иш кагаздарынын 90 пайызы мамлекеттик тилде, жогорку жана орто окуу жайларында 60 пайызга жүргүзүлөөрү аныкталган. Бирок алардын сабаттууулугун жогорулатуу маселелери бар экени белгиленген.

Бул багытта Жалал-Абадда мамлекеттик тил мыйзамынын аткарылышы талкууланды. Ага Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамалекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Сыртбай Мусаев, Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Мамасалы Акматов, райондук, шаардык мекеме-ишканалардын башчылары, тиешелүү адистери, жогорку жана орто окуу жайлардын жетекчилери катышты.

Улуттук комиссиянын төрагасы Сыртбай Мусаевдин белгилешинче, иш кагаздарын мамлекеттик тилде сапаттуу жүргүзүү  бүгүнкү күндүн талабы экенин эскертти. Ошондой эле мекеме-ишканалардын жетекчилери, тиешелүү адистер айрым көйгөйлөрдү, кыргыз тилин жайылтуу боюнча өз сунуш, пикирлерин айтышты. Төрага жеринде көтөрүлгөн көйгөйлөрдү чечүүгө көмөктөшөөрүн билдирди. Мындан сырткары кыргыз тилин өнүгүүсүнө салым кошкон бир катар кызматкерлерге Ардак Грамоталар жана төш белгилер тапшырылды.

28-февраль, 2022-ж. / Жаңыл Дүйшөкеева / Аймак 55

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X