"Эркин-Тоо"

Жалал-Абадда милиция кызматкерлери кыйноолорду колдонуу фактысы боюнча камакка алынышты

Жалал-Абад облустук ИИБ Баңги заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери тарабынан КР жараны “А.Н.га” карата кыйноолорду колдонуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы маалымдады.

Маалыматка ылайык 12-ноябрда Жалал-Абад облустук ИИБ Баңги заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын бөлүм башчысы “М.Ж.”, ыкчам кызматкери “М.Б.”, ИИМ Баңги заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү башкармалыгынын Жалал-Абад облусу боюнча Баңги заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү башкармалыгынын улук ыкчам кызматкерлери “К.М.” жана “З.А.” КР Жазык кодексинин 143-беренесинин 2-бөлүмүнүн 3-пункту жана 320-беренесинин 2-бөлүгү боюнча кылмыш жасагандыгы жөнүндө шектенүү билдирилди. 

Жыйынтыгында аталган адамдарга карата КР Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын №25-мекемесине камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалды.    Азыркы учурда аталган сотко чейинки өндүрүш боюнча тиешелүү тергөө иш-чаралары жүрүүдө.     

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!