Жалал-Абадда Түмөнбай Байзаков атындагы жаңы борбордук проспект ачылды
КР Президенти Садыр Жапаров 29-августта Жалал-Абад облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Жалал-Абад шаарында акын, котормочу Түмөнбай Байзаковдун ысымы берилген жаңы борбордук проспектин ачты.
Мамлекет башчы Түмөнбай Байзаковдун 100 жылдыгына карата КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылы республикалык деңгээлде өтүүчү мааракелик иш-чаралар тизмесине кирген бир катар майрамдык иш-чаралар пландаштырылганын ырастады.
Ошондой эле Түмөнбай Байзаковго КР «Эмгек баатыры» артыкчылык даражасын ыйгаруу жөнүндө жарлыкка кол коюлганын билдирди. Ал мындай кадам көрүнүктүү инсандын эмгегин баалоого, жана ысымын түбөлүккө сактоого багытталган чечим болгонун белгиледи.
Садыр Жапаров белгилегендей, өлкөдө жүргүзүлүп жаткан реформалардын алкагында 2023-жылы Жалал-Абад шаарын Кыргызстандагы экинчи экономикалык борборго айлантуу үчүн атайын план бекитилген.