Жалал-Абадда жер титирөө катталды
Кыргыз Республикасынын Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 22-сентябрь күнү саат 22:07де Жалал-Абад облусунун аймагында очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталган.
Жер титирөө Токтогул районунун Көл жана Алмалуу айылдарында 3,5 балл, Ак-Тектир, Кырк-Казык, Кара-Күнгөй жана Чон-Арык айылдарында 3 баллга чейин сезилген.
Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.