Жалал-Абаддагы суурлардын саны 32 миңден ашты
Жалал-Абад облусунун аймагында жапайы жаныбарлардын санын аныктоо максатында жүргүзүлгөн эсепке алуунун жыйынтыгында 32 миң 327 баш суур катталды.
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин маалыматына ылайык, алардын ичинен:
- 19 миң 157 башы — кызыл суур;
- 13 миң 170 башы — Мензбир сууру.
Суурлардын санын эсепке алуу иштери министрликтин тиешелүү буйругу менен бекитилген жапайы жаныбарларды каттоо боюнча нускамага ылайык жүргүзүлдү. Мамандар бул иштерди жаныбарлар дүйнөсүнүн абалын көзөмөлдөө жана жаратылыш ресурстарын туура пайдаланууну камсыз кылуу максатында жүргүзүшөт.