Жалал-Абаддык окуучу “Росатомдун” эл аралык долбоорунун жеңүүчүсү болду
Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарындагы №54 мектептин 8-классынын окуучусу Мээрим Турдумахаматова «Росатом» мамлекеттик корпорациясы уюштурган «Билимдин муз жаргычы» эл аралык илимий-билим берүү долбоорунун жеңүүчүсү болду.
Долбоорго 22 өлкөдөн 14–16 жаштагы 5 миңге жакын окуучу катышып, жыйынтыгында 22 жеңүүчү тандалды. Катышуучулар атомдук энергетика, заманбап технологиялар жана Арктика боюнча билимдерин сынап, чыгармачылык долбоорлорун коргошту.
Жеңүүчүлөр август айында дүйнөдөгү жалгыз атомдук муз жаргыч флотунун өкүлү болгон «Жеңишке 50 жыл» кемеси менен Түндүк уюлга уюштурулган эл аралык экспедицияга катышат. Экспедициянын алкагында алар үчүн илимий лекциялар, мастер-класстар жана практикалык эксперименттер өткөрүлөт.