Жалпы республикалык тестирлөө качан өтөт? Жол-жоболору

17-февраль, 2022-ж. / Жаңыл Дүйшөкеева / Билим 46

Жалпы республикалык тестирлөө быйыл 23-майдан 28-майга чейин өткөрүлөт. 14-февралда башталган каттоо  6-апрелге чейин уланат. Тест тапшырууну каалаган бүтүрүүчүлөрдү каттоо  мектептерде уюштурулат.

Мектепти мурда аяктагандар шаардык жана райондук билим берүү бөлүмдөрүнө кайрылуулары талап кылынат. Мындан сырткары Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун сайты аркылуу онлайн катталса дагы болот. Ар бир катышуучу негизги жана предметтик тестке 370 сом төлөйт.

Катталуу үчүн төмөнкү документтер талап кылынат:

  • паспорт же туулгандыгы жөнүндө күбөлүк;
  • орто билими жөнүндө аттестат (мурунку бүтүрүүчүлөр үчүн);
  • ЖРТга каттоо акысы төлөнгөнүн тастыктаган дүмүрчөк;
  • Талаптарга ылайык келген электрондук фотосүрөт.

ЖОЖдордун бюджеттик орундарына жана контракттык негиздеги бардык окутуу формаларына тапшыруу үчүн ЖРТнын негизги тести милдеттүү болуп саналат. Медициналык жана фармацевтикалык адистиктерге тапшырган абитуриенттер сөзсүз химия, биология, физика сабактарынан тест тапшырышы керек. Андан тышкары математика, англис тили, кыргыз тили жана адабияты, орус тили жана адабияты негизги сабак катары кирген.

17-февраль, 2022-ж. / Жаңыл Дүйшөкеева / Билим 46
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X