Жамгырдан кийин жабылган Бишкек–Ош жолу толук ачылды

6-июнь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 215

Бишкек–Ош эл аралык маанидеги унаа жолундагы кыймыл толугу менен калыбына келтирилди. Жамгырлуу аба ырайынан улам жолдун айрым тилкелерине түшкөн кум-шагыл жана таш көчкүлөрү тазаланып, бардык унаалар үчүн каттам кайрадан ачылды.

Жолду тазалоо иштерине Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу №38 Жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери жана атайын техникалар тартылып, көчкү кесепеттери ыкчам түрдө жоюлду.

Маалыматка ылайык, 5-июнда саат 17:30 чамасында аталган унаа жолунун 427+000–436+000-чакырым аралыгындагы 11 тилкеде көчкү түшүп, коопсуздук максатында жол убактылуу жабылган.

Учурда жол кыймылы штаттык режимде жүрүп, бардык транспорт каражаттары үчүн эч кандай чектөө киргизилген эмес.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X