Жанар Шаматова: “Квалификацияны тастыктоо кирешелүү жумушка жол ачат”
Бүгүнкү эмгек рыногунда диплом эмес, чыныгы көндүм, иш билгичтик жана тажрыйба бааланган мезгил келди. Кечээ “дипломуң барбы?” деген суроо негизги болсо, бүгүн “эмне жумуш кыла аласың?” деген талап алдыга чыкты. Ушул өзгөрүүгө жооп берген жаңы механизм – Көз карандысыз сертификациялоо жана валидациялоо борбору Кыргызстанда ишин баштады. Эми жарандар узак жыл окубай эле өзүнүн иш билгичтигин далилдеп, мамлекеттик үлгүдөгү сертификатка ээ боло алышат. Бул система эмгек рыногунда жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачууда. Бул тууралуу борбордун жетекчиси Жанар Шаматова менен маек курдук.

– Жанар Абдырахмановна, көз карандысыз сертификациялоо жана валидациялоо борбору качан жана кандай негизде түзүлгөн?
– Көз карандысыз сертификациялоо жана валидациялоо борбору Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигине караштуу мекеме катары 2023-жылдын 28-августунда Министрлер Кабинетинин №431 токтомуна ылайык негизделген. Негизги максатыбыз – жарандардын компетенцияларын жана квалификацияларын баалоо, тастыктоо. Башкача айтканда, адам кайсы жерден, кандай шартта үйрөнбөсүн – расмий окуу жайданбы же турмуштук тажрыйба аркылуубы – ошол көндүмүн баалап, документтештирип берүү. Бул жарандардын ички жана тышкы эмгек рыногунда атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатат.
– Борбордун иши бүгүн канчалык деңгээлде жолго коюлду? Алгачкы жыйынтыктар кандай болду?
– Ишти нөлдөн баштадык десек болот. Бирок кыска убакыт ичинде жакшы жыйынтыктарга жетиштик. Эки жыл аралыгында бардык уюштуруу иштерин жүргүзүп, юридикалык каттоодон өтүп, документтерди толук иретке келтирдик. Министрликтин колдоосу жана эл аралык өнөктөштөрдүн жардамы чоң болду. Айрыкча Азия өнүктүрүү банкынын “Инклюзивдүү өсүү үчүн көндүмдөр” долбоору техникалык базабызды чыңдоого олуттуу салым кошту. Бүгүнкү күндө төрт заманбап лаборатория иштеп жатат. Алар ашпозчулар, тигүүчүлөр, автослесарлар жана ширетүүчүлөр үчүн түзүлгөн. Айрыкча ширетүүчүлөр үчүн 3D/4D форматындагы виртуалдык окутуу жана текшерүү мүмкүнчүлүгү бар LED экран орнотулду. Мындан тышкары, баалоо процессин толук системалаштырдык. Атайын колдонмолорду иштеп чыгып, ашпозчулар жана шыбакчылар үчүн профессионалдык стандарттарды түздүк. Жалпысынан 400дөн ашык баалоо куралдары даярдалды. Башкача айтканда, талапкер борборго кайрылган учурдан тартып сертификат алганга чейинки бардык этаптар так, ачык жана түшүнүктүү жолго коюлган.
– Азыркы учурда канча кесип боюнча сертификат берүү мүмкүнчүлүгү бар?
– Учурда 28 багыт боюнча иш алып барып жатабыз. Бирок бул сан мындан ары дагы өсөт. Себеби, ар бир кесип боюнча баалоо жүргүзүү үчүн профессионалдык стандарт болушу керек. Азыр мындай стандарттар Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин реестринен каттоодон өтүп жатат. Биз Агартуу жана Эмгек министрликтери менен тыгыз кызматташып жатабыз. Ошондой эле башталгыч кесиптик жана орто кесиптик окуу жайлардын базасында 8 тажрыйба борборун ачтык. Мындай борборлорду түштүк регионуна жана бардык аймактарда ачуунун аракетиндебиз. Себеби, баалоо аянтчалары аймактарда да көбүрөөк уюштурулса, материалдык-техникалык база чыңдалып, борбордун талаптарына ылайык шарттар түзүлөт. Эң башкысы, кызматтар өлкөнүн бардык аймактарында жеткиликтүү болуп, баалоонун сапатын жогорулатууга жакшы мүмкүнчүлүк жаралат.
– Бул борбор мамлекетке жана жарандарга кандай пайда алып келет?
– Биринчиден, бул көмүскө экономиканы азайтууга чоң салым кошот. Экинчиден, ишсиз жарандарга, мигранттарга жана кесибин өзгөрткүсү келгендерге чоң мүмкүнчүлүк ачат. Адам өзүнүн билгенин далилдеп, расмий документке ээ болот. Бул жумушка орношууга, айлыкты жогорулатууга жана социалдык кепилдиктерди алууга жол ачат. Кыскасы, биздин борбор – жакырчылыкты азайтууга салым кошуп, коррупция, бюрократияга каршы мамлекеттик саясатты жүргүзөт.
– Сиздер берген сертификаттар эл аралык деңгээлде канчалык таанылат?
– Биздин сертификаттар мамлекеттик үлгүдөгү документ болуп эсептелет жана улуттук квалификациялык рамкага негизделет. Ошондуктан Россияда, Казакстанда жана Европанын айрым өлкөлөрүндө таанылып жатат. Бүгүнкү күнгө чейин 1000ден ашык жаран өз квалификациясын тастыктады. Биздин анализ көрсөткөндөй, алардын дээрлик бардыгы жумуш менен камсыз болду. Кубанычтуусу – Борбор Азиядагы айрым мамлекеттер биздин тажрыйбаны үйрөнүп, колдонуп жатышат.
– Демек, бүгүн диплом эмес, жөндөм чечүүчү роль ойноп калдыбы?
– Туура айтасыз. Бул – заман талабы. Билсең – далилде. Иштей алсаң – убакыт коротуп окубай эле билгениңди тастыктап, документ ал. Азыр көп адамдар ишти мыкты билишет, бирок документи жок. Биз ошолорго мүмкүнчүлүк түзүп жатабыз. Эң башкысы, 2 саатта баалоодон өтүп, 3 күндө сертификат алса болот.
– Баалоо канчалык деңгээлде ачык жана адилет өтөт?
– Бизде принцип жөнөкөй: билсең өтөсүң, билбесең каласың. Бул айдоочулук күбөлүк алгандай эле процесс. Теорияны жана практиканы билсең – аласың. Баалоо процессине иш берүүчүлөр да катышат. Экзаменди ошол тармактын адистери алышат.
– Бир адам бир нече кесип боюнча сертификат ала алабы?
– Албетте. Эгер адам бир нече кесипти билсе, алардын ар бири боюнча өзүн тастыктап, тиешелүү сертификат ала алат. Айрымдар төрт-беш кесиптин ээси болуп жатышат.
– Сиздерге көбүнчө кайсы категориядагы жарандар кайрылат?
– Негизинен эки категория. Биринчиси – чет өлкөгө кетип жаткан жарандар. Экинчиси – өлкө ичинде иштеп жүргөндөр. Мисалы, «Кумтөр», «Жерүй» сыяктуу ири ишканаларда иштөөнү каалагандар, ресторандардын ашпозчулары көп кайрылышат. 1000ге жакын адам сертификат алган болсо, алардын 200гө жакыны гана чет өлкөгө кеткен. Калгандары Кыргызстанда эле иштеп жатышат.
– Санариптештирүү сиздердин ишке кандай өзгөрүү алып келди?
– Санариптештирүү – бүгүнкү күндүн талабы. Азыр онлайн арыз кабыл алуу системасын киргизип жатабыз. Мындан тышкары, түштүк аймагында филиал ачуу пландалууда. Келечекте ар бир региондо борбор ачуу максатыбыз бар.
– Сертификат алууну каалагандар үчүн кандай талаптар бар?
– Эч кандай татаал талап жок. Топ болуп келүүнүн кереги жок. Ар бир жаран өз алдынча келип, 2 сааттын ичинде баалоодон өтө алат. Жыйынтыгында 3 күн ичинде сертификат даяр болот. Алыстан келгендерге почта аркылуу жөнөтүп берген учурлар да бар.
– Аймактардагы сапарларыңыздар сизге кандай таасир калтырды?
– Аймактарга барганда эң чоң таасир калтырган нерсе – элдин аракетчилдиги. Нарынга барганда жөнөкөй, бирок өтө аракетчил адамдарды көрдүк. Ветеринария боюнча беш жыл окугандардан кем эмес билген жарандар бар экенине күбө болдук. Ал тургай Алайдан ата-бала келип, “документ алышыбыз керек” деп баалоо жараянына катышканына күбө болдук. Ошко барганыбызда 60-70 жаштагы апалар тигүүчүлүк боюнча баалоо жараянына катышышты. Себебин сурасак, мамлекеттен колдоо алуу үчүн документ керек экенин айтышты. Ошондо бул иштин канчалык маанилүү экенин дагы терең түшүндүм. Бул жөн эле кагаз эмес – адамдардын жашоосун өзгөрткөн мүмкүнчүлүк.
– Социалдык жактан колдоо көрсөтүү багытында иштер барбы?
– Ооба, бул багытка өзгөчө көңүл бурабыз. Мисалы, мүмкүнчүлүгү чектелген 300дөн ашык жаранга тикмечи, ширетүүчү кесиптери боюнча сертификат тапшырдык. Алардын кубанычын сөз менен жеткирүү кыйын. Бул биздин ишибиздин эң чоң жыйынтыгы деп эсептейм.
– Борбордон алган сертификаттын пайдасын көрүп жаткан жарандар барбы?
– Албетте, абдан көп. Бир мисал келтирейин. Москвада көп жылдан бери газосварщик болуп иштеген жигит келип, сертификат алып кеткен. Бир жуманын ичинде кайра байланышып, “Эже, силердин борбор чоң жардам берди. Мурда бийиктикте иштеп, дайыма коркуп жүрчүмүн. Азыр документимдин негизинде коопсуз шартта иштеп жатам, айлыгым да көбөйдү” деп айтты. Мындай сөздөр бизге дем берет.
– Сиздердин эмгегиңиздер жогору жактан да бааланып жатабы?
– Ооба, бааланып жатат десем болот. Биз аткарган иштер тууралуу кеңири форум өткөрдүк. Жетекчилер келип, ишибиз менен таанышып, жакшы пикирлерин билдиришти. Жеке өзүм “Билим берүүнүн мыктысы” төш белгиси менен сыйландым. Ошондой эле министрлик тарабынан борборубузга автоунаа берилди. Бул – биздин эмгек текке кетпей, бааланып жатканын көрсөтөт.
– Акырында өзүңүздүн тажрыйбаңыз тууралуу да айтып өтсөңүз?
– Алгач мамлекеттик кызматта иштедим. Андан кийин 8 жыл биология мугалими болуп эмгектендим. 5 жыл катары менен олимпиаданын жеңүүчүлөрүн даярдадым. Андан кийин эки мектепте директор болуп иштедим. Ушул топтогон тажрыйбаларым бүгүнкү ишти уюштурууга, борборду түзүүгө чоң жардам берди.
Чынайым Кутманалиева