Жанарбек Акаев ЖРТда ийгилик жараткан окуучуларга сюрприз убада кылды

29-май, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 213
29-майда Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев Озгур айылындагы №58 Ак-Буура орто мектебинде өткөн “Акыркы коңгуроо” аземине катышып, бүтүрүүчүлөрдү куттуктады.

“Бүгүн мектептин эшиги жабылып жатканы менен, силер үчүн чоң турмуштун дарбазасы ачылып жатат. Араңарда келечекте Ошту дүйнөгө тааныткан адамдар олтурат”, — деди мэр.

Ошондой эле ал жалпы республикалык тестирлөөдөн жогорку балл алган бүтүрүүчүлөр үчүн атайын сюрприз даярдалып жатканын маалымдады.

Иш-чаранын соңунда Жанарбек Акаев өзүнүн короосунда өстүргөн гүлдөрдөн жасалган букетти мектеп мугалимдерине тапшырып, бул алардын эмгегине болгон урмат-сый экенин белгиледи.

Белгилей кетсек, быйыл Ош шаарында жалпы 12 208 окуучу мектепти аяктап жатат. Анын ичинен 3 146сы — 11-класстын бүтүрүүчүлөрү.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X