Жандар Жолоев: Жергиликтүү өндүрүштү коргобосок, сүт тармагындагы ишкерлерге атаандашуу оорлойт
Талас облусунун Кызыл-Адыр айылындагы «Эмилия» сүт заводу өлкөдөгү сүттү кайра иштетүү тармагындагы алдыңкы ишканалардын бири. Бүгүнкү күндө ишкана сырдын бир нече түрүн, сары май жана башка сүт азыктарын өндүрүп келет. Убагында продукциясынын басымдуу бөлүгүн экспортко жөнөткөн ишкана акыркы жылдары чийки заттын тартыштыгы жана аймактагы логистикалык тоскоолдуктардан улам ички рынокко көбүрөөк басым жасоодо.
Ишкананын тарыхы чакан үй-бүлөлүк демилгеден башталган. Бүгүн болсо ал жүздөгөн фермерлер менен кызматташып, ондогон адамдарды жумуш менен камсыздап келет. «Эмилия» ишканасынын директору Жандар Жолоев менен болгон маекте ишкананын өнүгүү жолу, сүт өндүрүүчүлөрдүн көйгөйлөрү, атаандаштык маселеси жана тармактын келечеги тууралуу кеп курдук.
—Жандар мырза, «Эмилия» ишканасы кандайча түптөлгөн?
— Апам союз мезгилинде 35 жыл сыр заводунда технолог болуп эмгектенген. СССР тарагандан кийин ата-энем жумушсуз калып, өз алдынча ишкерлик баштоону чечишкен. Алгач бир тонна сүт иштетүүдөн баштап, кийин өндүрүштү акырындык менен кеңейтип, 2012-жылы заманбап жабдууларды алып келип, жаңы имараттарды куруп ишке кириштик.
Өндүрүштү өнүктүрүүдө эл аралык каржы институттарынын колдоосу чоң жардам берди. Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын каржылоосу аркылуу жабдууларды жаңылап, кубаттуулукту арттырдык. 2005-жылдары Казакстандын рыногуна чыгып, ал жактан туруктуу кардарларыбызды тапканбыз. Кийин 2013-жылдан баштап толук кандуу өндүрүшкө кирип, 2016-жылдан тартып Орусиянын шаарларына экспорттой баштадык.
Бир мезгилде өндүргөн продукциябыздын 90%га жакыны экспортко жөнөтүлүп, сезон учурунда айына 80-100 тоннага чейинки сырларыбыз Орусияга сатылчу. Кийин Дубайдын рыногуна чейин чыгып көрдүк. Бирок, логистикалык чыгымдардын жогору болушу ал багытты улантууга мүмкүнчүлүк берген жок. Акыркы эки жылдан бери чийки заттын жетишсиздигинен экспорт көлөмү азайып, негизинен ички рынокко иштеп жатабыз.

— Экспорттук рынок менен ички рыноктун айырмасы кандай экен?
— Азыр биздин негизги көйгөйлөрдүн бири — сырттан келген арзан сүт азыктары менен атаандашуу. Бүгүнкү күндө биздин рынокко Орусия жана Беларуссиядан көп көлөмдө сүт азыктары келип жатат. Ошол себептүү, мамлекет биринчи кезекте жергиликтүү өндүрүшчүлөрдү колдоого көңүл бурушу керек.
Биздин чыгарган бардык продукцияларыбыз лабораториялык текшерүүдөн өтүп, эл аралык сертификаттарга ээ. Сапат жагынан европалык стандарттарга жооп берип, кандай продукция болсо да атаандаша алабыз. Бирок, биз ошончолук стандарттарды сактоо менен продукцияларыбызды чыгарып жатсак да, арзан импорттук продукциялар жергиликтүү өндүрүшчүлөрдүн мүмкүнчүлүгүн чектөөдө.
— Продукцияңыздарды жергиликтүү рынокко алып чыгууда кыйынчылыктар жаралбай элеби?
— Башында жергиликтүү эл арасында көп таанымал болгон эмеспиз. Себеби, биз дээрлик толугу менен экспортко иштеп келгенбиз. Акыркы жылдары гана жергиликтүү рынокто активдүү иштеп, өз кардарларыбызды таап, рыноктон өз ордубузду бекемдөөгө жетиштик. Азыр күнүнө орто эсеп менен 30 тонна сүт иштетебиз. Андан болжол менен 2,5 тонна сыр жана жарым тоннага жакын май өндүрүлөт. Жалпысынан алганда сырдын алты түрүн чыгарабыз.

— Талас облусу чакан болсо да бир нече сүт заводдору бар экен. Сүт кабыл алуу боюнча атаандаштык күчтүү окшойт?
— Ооба, облусубуз чакан болгону менен бул тармакта атаандаштык жогору. Бүгүнкү күндө облус аймагында беш ири сүт заводу иштейт. Ошондуктан сүттүн баасы дайыма көзөмөлдө болуп, ишканалар ортосунда атаандаштык күчтүү. Биз үч миңге жакын жеке жактардан жана он чакты ири фермерлер менен иштешебиз. Алар күн сайын жүздөгөн литрден бир тоннага чейинки сүттөрүн өткөрүп турушат. Ошондой эле Айтматов, Манас жана Талас райондорунда сүттү кабыл алуу пункттарыбыз бар. Учурда ишканада 53 адам эмгектенсе, жайкы сезон маалында дагы кошумча жумуш орундары түзүлөт.
Заводго келген ар бир литр сүт сөзсүз лабораториялык текшерүүдөн өтөт. Айрым учурларда лабораторияга келген сүттөрдөн мал ооруп калганда колдонулган антибиотик калдыктары аныкталып калса, андай азыктар өндүрүштө пайдаланылбайт.
—Атаандаштык жогору болгон соң мал чарбачылыгын өнүктүрүү талабы жаралып жатса керек?
— Акыркы убакта мурунку жылдарга салыштырмалуу сүттүн баасы жогору болуп жаткандыктан, фермерлер асыл тукум малдарды алып келе башташты. Биз дагы ишканабыздын муктаждыгын жабуу максатында фермабызды түзүп, сүт багытында мал чарбачылыгын өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүп келебиз. Биз өзүбүз менен өзүбүз эле калып калбай, аймактагы фермерлер менен иштешип, малды туура багуу, рацион түзүү, саан технологиясы боюнча тажрыйбабызды бөлүшүп турабыз.
Фермабызда Австриядан алып келген симментал породасындагы уйлар багылат. Башында 60 баш уй алып келген болсок, учурда алардын саны 100гө жакындады. Убакыттын өтүшү менен бул породанын малдарын башка фермерлерге да жайылтып, облуста сүт багытындагы чарбалардын көбөйүшүнө салым кошуудабыз. Азыр биз сыяктуу иштеп жаткан бир катар фермердик чарбалар бар.
— Өндүрүштү кеңейтүү пландарыңыздар барбы?
— Заводубузда 2012-жылы биринчи өндүрүш линиясы орнотулган болсо, 2020-жылы экинчи линияны ишке киргиздик. Бүгүнкү күндө Россия–Кыргызстан өнүктүрүү фонду жана бир катар банктар менен кызматташып, жаңы долбоорлорду даярдап жатабыз. Алдыда каржылоо жагын чечип алсак, дагы бир канча жаңы сүт азыктарын чыгаруу планыбыз бар. Биз сыяктуу ишканаларга арзан жана жеткиликтүү насыялар керек. Өндүрүш өнүксө фермер, мамлекет да утат. Биз сүттү жогорку баада сатып алып, айылдагы элдин кирешесин көбөйтүүгө мүмкүнчүлүк түзөбүз. Албетте, акыркы жылдары биз сыяктуу өндүрүшчүлөрдү колдоодо пайыздары төмөндөтүлгөн насыялар берилип, өкмөт тарабынан колдоо жакшы болуп жатат.

— Сүт заводдоруна сүттүн баасы боюнча элдин нааразычылыктары көп айтылат…
— Сүттүн баасы даяр болгон продукциянын баасына түздөн-түз байланыштуу. Биз сырды канчалык кымбат сата алсак, сүттү да ошончолук кымбат сатып алабыз. Биздин негизги көйгөй — импорттук арзан продукциялар болууда. Буга чейин чет жактан келген сырлар биздин продукциядан 20-30 сомго арзан болсо, азыр бул айырмачылык 200-300 сомго жетип жатат. Эгер мындай тенденция улана берсе атаандашуу оңойго турбайт.
Эл арасында «эмне үчүн жергиликтүү өндүрүүчүлөрдүн товары кымбат?» деген суроолор жаралат. Бирок анын артында өндүрүш чыгымдары, салыктар, логистика жана башка көптөгөн факторлор турат. Биздин элдер арзан сүт азыктары менен камсыз болушу үчүн айыл тургундары да бизге жардам берсе. Алар сүттү аз берген уйларды бакпай, сүт багытындагы уй багууга өтүшсө жакшы болмок. Бирок, көпчүлүк эл сүт багытындагы уйдун тоютунан качып, аларды баккысы келбейт экен.
Менимче, сүттүн баасын эле айтып отура бербестен комплекстүү иш жүргүзүп, биргелешип иштеп, көйгөйлөрдү чечишибиз зарыл. Биз көп жылдан бери тиешелүү мамлекеттик органдарга жергиликтүү өндүрүштү коргоо боюнча сунуштарды айтып келебиз. Анткени, айылдагы фермерден баштап, кайра иштетүүчү заводго чейин бир бүтүн чынжыр болуп эсептелет.
— Учурдагы негизги көйгөйлөрүңүздөр кайсылар?
— Мал арасында кездешкен шарп сыяктуу оорулар кээде чоң кыйынчылыктарды жаратып калат. Ошого карабастан, мамлекет тарабынан салыктык жеңилдиктер жана жеңилдетилген насыялар боюнча көрсөтүлүп жаткан колдоону жогору баалайбыз.

Эң негизгиси — жергиликтүү өндүрүштү өнүктүрүүгө шарт түзсөк биздин фермер, өндүрүшчүлөрүбүз да утуп, өлкөбүздүн азык-түлүк коопсуздугу да бекемделет эле.
“Эмилия” сүт заводу Кыргызстанда сүт азыктарын чыгарган алдыңкы ишканалардын бири болуп саналат. Бул ишкана KyrSEFFтин жардамы менен өндүрүштүк кубаттуулугун 40%га жогорулаткан. Мындай жогорку көрсөткүчтөргө туруктуу энергияны каржылоо программасы – KyrSEFF аркылуу энергияны үнөмдөөчү чараларды киргизгенден кийин жетишкен.
2013-жылы “Эмилия” заводу толугу менен реконструкцияланып, жаңы имарат курулуп, заманбап жабдуулар менен жабдылган цехтер ачылган. Ишкана жетекчилиги KyrSEFF программасынын жардамы менен өндүрүштү өнүктүрүүнү чечкен. Белгилей кетсек, бул программа Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (ЕРӨБ) атайын насыя линиясын билдирет. Ал Кыргызстанда 2013-жылдан баштап 55 миллион АКШ доллары өлчөмүндөгү портфели менен ишке киргизилген. KyrSEFF насыялары Европа Биримдигинин 10%дан 35%га чейинки гранттары менен колдоого алынат жана акысыз техникалык колдоо менен коштолот.
2020-жылы «Эмилия» ата мекендик сүт заводуна болжол менен 350 миң доллар өлчөмүндө жеңилдетилген насыя берилип, бул суммага Франция жана Польшадан жаңы жабдуулар алынган. Мындан тышкары, ишкананын аймагында сэндвич-панелдерден курулган энергияны үнөмдөөчү жаңы имарат курулуп, ал техникалык стандарттарга ылайык температуралык режимди сактай алат.
«Эмилия» заводу жаңы технологиялык процесстерди ишке киргизген KyrSEFF программасынын ийгиликтүү мисалдарынын бири. KyrSEFFдин жардамы менен ишкана директору бизнес-планын ишке ашырып, өзүнүн үлгүсү менен аймактарда болсо да продукциянын чет өлкөдө таанылышы мүмкүн экендигин көрсөткөн.
Кенже Осмоналиева