Жаңы тартип: 3 жолу эреже бузган айдоочулардын күбөлүгү жокко чыгарылат
Министрлер Кабинети айдоочулук күбөлүк берүү тартибин жаңылап, жаңы форматтагы убактылуу айдоочулук күбөлүктү киргизүү чечимин кабыл алды. Тиешелүү токтом он күндөн кийин күчүнө кирет.
Жаңы эрежеге ылайык, авто мектепте кеминде 4 ай окуп, экзаменден өткөн жарандарга 6 ай мөөнөткө жарактуу убактылуу айдоочулук күбөлүк берилет. Бул документ электрондук форматта болуп, Кыргызстандын аймагында гана колдонулат.
Алты айлык сыноо мезгилинде жол эрежелерин үчтөн аз бузган айдоочулар гана туруктуу айдоочулук күбөлүк алууга укук алышат.
Эгер айдоочу жол эрежесин үч же андан көп жолу бузса, анын убактылуу күбөлүгү жокко чыгарылып, ал кайрадан авто мектептен окуудан өтүүгө милдеттүү болот.
Бийлик өкүлдөрү бул өзгөртүү айдоочуларды сапаттуу даярдоого жана жол коопсуздугун жогорулатууга багытталганын белгилешти.