Жаны Зеландияда уникалдуу мыйзам долбоору каралып жатат

14-апрель, 2021-ж. / Редакция / Дүйнө 13

Жаны Зеландиянын парламенти каржы компанияларын климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттери жөнүндө отчет берүүгө милдеттендирген мыйзам долбоорун карап жатат. Өлкө 2050-жылга чейин көмүр кычкыл газынын чыгарылышын жокко чыгаруу планын кабыл алган. Климаттын өзгөрүүсү министри Джеймс Шоунун айтымында, бул чечкиндүү максатка жетүүдө каржы секторунун ролу чоң. Мыйзам жактырылса, капиталы 1 млрд долларга жеткен 200дөй фирма 2023-жылдан баштап отчет бере баштайт.
Patria вакцинасынын клиникалык сыноолору башталат
Мексикада коронавирустун жаңы түрүнө каршы иштелип чыккан Patria вакцинасынын 1-фазалык клиникалык сыноолорун баштоо каралып жатат. Апрель айынан май айына чейин созула турган сыноолордо 18 жаштан 55 жашка чейинки 100гө жакын ыктыярчы катышат. Илим жана технология боюнча Улуттук кеңештин директору Альварес-Буйланын айтымында, сыноолор ийгиликтүү аяктаган учурда, вакцинаны 2021-жылдын аягында колдонсо болот.

14-апрель, 2021-ж. / Редакция / Дүйнө 13
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X