«Жаңы жашоого аттанды»: Ризанын үлпөт көйнөгү менен ат чапкан видеосу

28-август, 2026-ж. / Редакция / Коом 193

Кытайдан ата-бабаларынын байыркы көч жолу менен ат үстүндө Кыргызстанга келген кыргыз кызы Риза бул жолу башка образы менен көпчүлүктүн көңүлүн бурду.

Риза үлпөт көйнөгүн кийип, ат үстүндө видео тартып, турмушка аттанып жатканын көрсөттү.

Ал буга чейин сиңдиси менен бирге тарыхый жолду атчан басып өтүп, бабаларынын изи менен Кыргызстанга келгени менен коомчулукка кеңири таанылган.

Ризанын үлпөт көйнөгү менен ат үстүндөгү видеосу социалдык тармактарда кызуу талкууга түшүүдө.

Бабалардын жолун ат менен басып өткөн Риза эми жаңы жашоого аттанууда.

28-август, 2026-ж. / Редакция / Коом 193
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X