Жаныбарлар дүйнөсүн коргоо. Мыйзамсыз аңчылык үчүн 20 миң сомго чейин айып каралат
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги мыйзамсыз аңчылыктын алдын алуу жана жаныбарлар дүйнөсүн коргоо боюнча иш-чараларды күчөтүп жатканын билдирди.
Министрликтин маалыматына ылайык, өлкө аймагында инспекторлор тарабынан туруктуу негизде рейддер жана текшерүүлөр жүргүзүлүүдө. Бул иштер жарандардан түшкөн маалыматтардын негизинде да уюштурулуп, мыйзам бузуу фактылары аныкталса, тиешелүү материалдар укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилет.
Министрлик Кызыл китепке кирген жана сейрек кездешүүчү жаныбарларга зыян келтирүү үчүн мамлекетке келтирилген чыгымдын ордун толтуруу каралганын эскертти.
Мыйзамсыз аңчылык же жаныбарларды жок кылуу учурларында белгиленген зыяндын өлчөмү төмөнкүдөй:
- Ортоазиялык күндуз, Мензбир сууру — 20 000 сом
- Брандт индия кирписи, суусар, чаар күсөн — 10 000 сом
- Жейрен, узун ийнелүү кирпи, суу чычкан, кол канат жарганаттардын түрлөрү (Бухара така тумшуктуу жарганат, кичине така тумшуктуу жарганат, жазы кулак жарганат, ак боор жебе кулак, кош эрин жарганат), кичине кош аяк, секиргич кош аяк жана Северцовдун түрлөрү — 10 000 сом
Министрлик жарандарды жаратылышты коргоо мыйзамдарын так сактоого чакырып, мыйзамсыз аңчылык фактылары тууралуу 108 ишеним телефону аркылуу билдирүүгө мүмкүн экенин маалымдады. Маалымат берген жарандардын купуялуулугу толугу менен камсыздалары белгиленди.
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги өкүлдөрү жаратылышты коргоо багытындагы көзөмөл иштери мындан ары дагы күчөтүлөрүн белгилешти.