Жаныбек Аматов аймактардагы көйгөйлөрдү жеринен көрүп, эл менен жолукту

19-август, 2026-ж. / Редакция / Жогорку Кеңеш 110

19-августта Жогорку Кеңештин депутаты Жаныбек Аматов Кадамжай жана Ноокат райондорунда болуп, жергиликтүү тургундар менен жолугушту.

Кадамжай районунун Масалиев айыл өкмөтүндө элдин көйгөйлөрүн угуп, психоневрологиялык оорукананын абалы менен таанышты. Мекемеге тез жардам унаасы зарыл экени белгиленди. Ошондой эле Лесхоз жана Таш-Коргон айылдарында бала бакча маселеси көтөрүлсө, Олагыш-Алышта спорт комплексин куруу маселеси талкууланды.

Ноокат районунун Кулатов айыл өкмөтүндө депутат 2022-жылы курулушу токтоп калган Кулуштан-Казы айылындагы мектептин абалын көрдү. Ал эми Апшыр-Ата айылында 250 окуучуга ылайыкталган жаңы мектептин курулушу менен таанышты.

Жолугушууларда айтылган көйгөйлөрдү чечүү жана социалдык объектилердин курулушун улантуу боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлөрү белгиленди.

19-август, 2026-ж. / Редакция / Жогорку Кеңеш 110
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X