"Эркин-Тоо"

ЖАНЫБЕКОВ АСКАРБЕК САПАРБЕКОВИЧ

Кыргыз Республикасында он төрт структуралык бөлүмдөрдөн турган Айыл чарба министрлиги бар. Кыргыз Республикасынын элинин алдында министрликтин аткара турган максаты – азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо, айыл чарба өндүрүшүнүн, тамак-аш өндүрүшүнүн атаандашууга жөндөмдүүлүгүн, класстердик өндүрүштүн негизинде кошумча нарктын чынжырчасын өнүктүрүү, ветеринардык, фитосанитардык коопсуздукту камсыздоо, айыл чарба, жер, суу, токой чарбасын өнүктүрүү, ошондой эле жер мыйзамдарынын, суу пайдалануунун, суу объектилерин жана суу чарба инфратүзүмдөрүн күтүүнүн, суу ресурстарын пайдалануу эрежелеринин талаптарынын сакталышына мамлекеттик көзөмөлдү жүзөгө ашыруу болуп саналат.

Он төрт структуралык бөлүктөрдөн турган бул эбегейсиз чоң министрликти Жаныбеков Аскарбек Сапарбекович жетектеп келүүдө. КР Министрлер Кабинетинин токтомунда көрсөтүлгөн бу министрликтин максаты кандай шартта ишке ашып жатканы азырынча коомчулукка беймаалым. Азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо маселесинде алакан жайып отургандай таризде элес калтырат. Кыргызстанда кылкандуу дан эгиндер акыркы 15-20 жылдын аралыгында дээрлик өстүрүлбөйт. Казакстан, Россия, КЭРден келген импорттук дан азыктары калкты 100% камсыздап келүүдө. “Элнур” сыяктуу жеке менчик үлкөн ун комбинаттары ишмердүүлүгүн токтотуп, кошуна мамлекеттерге көчүп кеткенинин өзү эле эмнеден кабар берет?! СССР мезгилинде курулган республиканын аймагындагы бир нече ун комбинаттары жумушун токтотуп, бош турганы маалым. Мамлекеттик алкактагы канаттуулар фабрикалары толугу менен жоюлган. Калктын негизги катмары импорттук негизде келген жумуртка менен канаттуулардын этин колдонушат. Өсүмдүк майлары, жер-жемиштер, сүт азыктары, деги эле бүгүнкү калктын калың катмары азыктанып жаткан азык-түлүктүн дээрлик негизги бөлүгү сырттан ташылып келинүүдө. Анан кантип бул министрлик айыл чарба өндүрүшүнүн, тамак-аш өндүрүшүнүн атаандашууга жөндөмдүүлүгүн камсыздай алат?! Коомчулук министр Жаныбеков Аскарбек Сапарбековичти аткарган ишинен эмес, Жогорку Кеңеште депутаттар менен кайым айтышып, эч кимге моюн бербей, “иштеп жатабыз!..” деп ары сүрдүү, ары олуттуу тиктеп отурганынан гана таанып калганын айтып келүүдө. Карапайым дыйкандар быякта калып, КР ЖК депутаты Жеңиш Токторбаев КР Айыл чарба министрлигин жоюп салуу маселесин көтөрүп чыкканынын өзү бу министрликке аброй алып келбей калганын кантип айтпай коёбуз?!

Мынча болду бу министрликтин 14 структуралык бөлүмдөрүнө кыскача токтолуп өтөлү:

1. МАМЛЕКЕТТИК ЖЕР РЕСУРСТАР АГЕНТТИГИ Агенттиктин милдети:

— Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин кароосуна жер ресурстарын башкаруу жана жер укук мамилелери боюнча мамлекеттик саясат маселелери;

— Жерге жайгаштыруу, кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо, жер кадастры, топография, геодезия жана картография боюнча натыйжалуу кызматтарды көрсөтүү;

— Жер жана кыймылсыз мүлк рыногун өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү;

— Жоготуулардын ордун толтуруунун ченемдерин, мамлекеттик жерлерди пайдалануунун жана жерлерди бир категориядан башкасына которуунун (трансформациялоонун) тартибин өркүндөтүү боюнча ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгуу үчүн сунуштарды киргизүү.

Бул жогоруда аты аталган агенттик “мамлекеттик жерлерди пайдалануунун жана жерлерди бир категориядан башкасына которуунун (трансформациялоонун) тартибин өркүндөтүүнү” гана мыкты өздөштүрбөсө, башка алгылыктуу ишин карапайым калк байкай электигин айтып отурушат. Ошондуктан, жерди эмес, министрликтин өзүн трансформациялоону колго алуу зарыл экенин дыйкандар арасында бекеринен айтылып жатпаса керек.

2. МАМЛЕКЕТТИК ТОКОЙ ЧАРБА АГЕНТТИГИ Кыргыз Республикасынын Жер кодексине ылайык республиканын жер фонду 8 категориядан турат. Токойлордун улуттук инвентаризациясынын маалыматы боюнча (2008-2010) ушул бардык категориялардагы аймактарда токойлор өсөт. Токойлордун улуттук инвентаризациясы боюнча (2008-2010-жылдар) Кыргыз Республикасынын токойлорунун аянты 1116,56 миң га, же өлкөнүн жалпы аянтынын 5,6%ын түзөт.

Ооба, кыштан араң чыгып, түлөгөн түлкү кейптенген токой чарбабыз да бүгүн оор абалда экенин караламан эл канча айтканы менен ага көңүл бурган жетекчи жокко эсе. Кээ бир аймактарда токойлорду токойчулар өзүлөрү сакал алгандай кырып-жоюп сатып жибергенине коомчулук күбө болуп келди. Өлкөнүн жалпы аянтынын болгону 5,6%ын түзгөн, көсөнүн сакалындай сербейген токой чарбасын отуз жылдан бери олуттуу өсүү жолуна алып чыккан бир да жетекчинин ысымын кыргыз эли уга албаганы өкүнүчтүү.

3. МАМЛЕКЕТТИК ЖЕР ЖАНА СУУ ИНСПЕКЦИЯСЫ жер жана суу укук мамилелери чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын аткарылышына көзөмөл жүргүзөт;

— жерди жакшыртуу, топурактын эрозиясын, шор басышын, сазга айлануусун, суу басышын, чөлгө айланышын, кургакчылыкка учурашын, катып калышын, булганышын жана жердин дегредация болушуна алып келүүчү башка процесстердин кесепеттерин болтурбоо жана жоюу боюнча иш-чаралардын өз убагында жана сапаттуу аткарылышына көзөмөл жүргүзөт;

— жер жана суу укук мамилелеринин мыйзамдарынын талаптарына шайкеш келүүсү боюнча объекттерди курууга жана эксплуатациялоого, ошондой эле аларды реконструкциялоого, кеңейтүүгө, техникалык кайра жабдууга, капиталдык оңдоого жана башка иштерге көзөмөл жүргүзөт.

Мамлекеттик жер жана суу инспекциясы тарабынан кайсы дыйкан чарбасынын жери апаатка учурабасын деп топурактын эрозиясын, шор басышын, сазга айлануусун, суу басышын, чөлгө айланышын, кургакчылыкка учурашын, катып калышын, булганышын жана жердин дегредация болушу көзөмөлгө алынып, иш жүргүзгөнүн эч ким билбейт. Же суу укук мамилелеринин мыйзамдарынын талаптарына шайкеш келүүсү боюнча объекттерди курууга жана эксплуатациялоого, ошондой эле аларды реконструкциялоого, кеңейтүүгө, техникалык кайра жабдууга, капиталдык оңдоого жана башка иштерге көзөмөл жүргүзүп, калктын калың катмарына кызмат көрсөткөнүн дыйкандар уга да элек.

4. ХИМИЯЛАШТЫРУУ ЖАНА ӨСҮМДҮКТӨРДҮ КОРГОО ДЕПАРТАМЕНТИ карантиндик жана жөнгө салынуучу (өзгөчө коркунучтуу) карантиндик эмес зыяндуу организмдердин пайда болушунун жана таралышынын алдын алуу жана аларга каршы күрөшүү боюнча, ошондой эле кыртыштардын күрдүүлүгүн жана айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмдүүлүгүн жогорулатуу боюнча мамлекеттик программаларды жана иш-чараларды турмушка ашыруу.

Мамлекеттик пландоо болбосо, ким эмне кааласа ошону айдап жатса, бул департамент кайсы дыйкандын айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмдүүлүгүн жогорулатуу боюнча мамлекеттик программаларды турмушка ашырып жаткандыгын ким билет?!

5. ОРГАНИКАЛЫК АЙЫЛ ЧАРБА ДЕПАРТАМЕНТИ илимий мекемелер менен чогуу органикалык айыл чарба жана айыл чарба биотехнологиялары тармагындагы илимий изилдөөлөрдүн приоритеттүү багыттарын аныктайт;

— органикалык айыл чарбасын өнүктүрүү үчүн инновациялык биотехнологияларды иштеп чыгат;

— органикалык айыл чарба продукциясына улуттук стандарттарды иштеп чыгат.

Бул департамент карапайым катардагы дыйкан үчүн алгылыктуу эмне иш аткарды? Органикалык айыл чарбасын өнүктүрүү үчүн кандай инновациялык биотехнологияларды иштеп чыкты? Кайсы дыйкан ушундай департамент бар экенин билет? — деп дыйкандарга кайрылып жооп ала албадык.

6. ЖАЙЫТ ЖАНА МАЛ ӨСТҮРҮҮ ДЕПАРТАМЕНТИ асыл тукум мал чарба өндүрүшүн көбөйтүү, андан алынган азыктарды тышкы жана ички рыноктордо сатуу;

— мал чарба азыктарынын сапатын жогорулатуу, өндүрүү жана сатуу ассортиментин кеңейтүү;

— жайыттарды жана асыл тукум мал чарбачылыгын жакшыртуу жаатындагы өндүрүш практикасына илимдин жана техниканын жетишкендиктерин киргизүү милдетин аткарат.

Бул департамент мал чарба азыктарынын сапатын жогорулатуу, өндүрүү жана сатуу ассортиментин кеңейтүүдө кандай алгылыктуу иштерди жасаганын коомчулук билеби? Эт жана сүт азыктарынын сапатын жогорулатууда фермерлер өз алдынча аракеттенишип, ушундай департамент бар экенинен кабары жок экенин айтышууда.

7. ВЕТЕРИНАРДЫК ДАРЫДАРМЕК КАРАЖАТТАРЫН, ТОЮТТАРДЫ ЖАНА ТОЮТ КОШУЛМАЛАРЫН КАТТОО ЖАНА СЕРТИФИКАТТОО БОРБОРУнун объектилери:

— жаныбарлар — ар кандай сүт эмүүчүлөр, канаттуулар, аарылар, ошондой эле суу фаунасынын өкүлдөрү;

тоют кошулмалары — жаныбарлардын рационундагы жетишпеген аш болумдуу, минералдык заттар менен витаминдердин булактары катары пайдаланылуучу органикалык, минералдык, микробиологиялык жана синтетикалык заттар;

— жаныбардан алынган продуктулар — ветеринардык көзөмөлдүн жана ветеринардыксанитардык экспертизанын предметтери болуп саналган жаныбарлардан, канаттуулардан, балыктардан, аарылардан алынган ар кандай азыктар жана чийки заттар.

Бул борбор кайсы балык өстүргөн, бал челек кармаган, мал баккан же жеке менчик канаттуулар фермасына барып, жеке ишкерлер менен иш алып барып, ветеринариялык дарыдармек каражаттарын, тоюттарды жана тоют кошулмаларын каттап жана сертификаттап бергени кимдин эсинде бар? — деген сурообузга да элден жооп ала албадык. (Видео версиясы бар)

8. КЫРГЫЗ ЖЕР ИЗИЛДӨӨ ИНСТИТУТУнун милдеттери прогрессивдүү инновациялык технологияларды түзүү жана илим сыйымдуу өндүрүштү, заманбап техникалык каражаттарды, автоматташтыруу системасын жана тармактык маанидеги программалык продуктуну колдоо;

— агроөнөр жай комплексин мындан ары өнүктүрүүнүн кеңири программасын жүзөгө ашырууга, айылдык товар өндүрүүчүлөргө илимий-консультациялык жардам көрсөтүүгө, илимдин жетишкендиктерин жана алдыңкы тажрыйбаларды пропагандалоого багытталган, ирригация, мелиорация, сугат дыйканчылыгы жана гидрогеология маселелери боюнча илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү.

Бул институттун биз билгенден ички интригалардан башы чыкпай келет. Милдетинде көрсөтүлгөн кайсыл илимий иши жүзөгө ашканын дыйкандар эмес, институттун илимий кызматкерлери өзүлөрү да толук көрсөтүп берерине ишенүү оорго турат.

9. КЫРГЫЗ МАЛ ЧАРБА ЖАНА ЖАЙЫТ ИЛИМИЙИЗИЛДӨӨ ИНСТИТУТУнун милдеттери чыгарылган породаларды сактоонун, өркүндөтүүнүн, генетикалык ресурстарын сарамжалдуу пайдалануунун илимий негиздерин иштеп чыгуу жана айыл чарба жаныбарларынын жаңы породаларын жана типтерин түзүү;

— табигый жайыттарды жакшыртуунун ыкмалары менен технологияларын иштеп чыгуу, тоют өсүмдүктөрүнүн жаңы жогорку түшүмдүү сортторун чыгаруу, алгачкы үрөөнчүлүктү уюштуруу;

— мамлекеттик асыл тукум заводдорунун селекциялык асыл-тукум иши жаатындагы илимий-өндүрүштүк иштерин координациялоо;

— илимий изилдөөлөрдүн тематикасын, методикасын, жумушчу программаларын жана аларды аткаруу боюнча календардык пландарды иштеп чыгуу.

Кагаз жүзүндө катыра жазылган иштери эле болбосо, фермерлер бул институт бар экенин толук биле бербейт. “Милдети мол, сыйы күмөн” демекчи, милдетинде укмуш нерселер камтылган бул институттардын аткарып жаткан иштеринин натыйжасын эл көрө элек.

10. СУУ РЕСУРСТАР АГЕНТТИГИнин милдеттери болуп суу ресурстары чөйрөсүндөгү мамилелерди жана суу ресурстарын пайдаланууну жөнгө салуу; ирригациялык инфраструктуранын объектилерин өнүктүрүү программаларын иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу, ошондой эле, ичүүчү суу менен камсыз кылуу жана суу өткөрүүнү жүзөгө ашыруу жана Кыргыз Республикасынын суу ресурстарынын чөйрөсүндө эл аралык кызматташтыгын өнүктүрүү болуп саналат.

Агенттик төмөнкү милдеттерди аткарат:

— мамлекеттик суу саясатын жүзөгө ашыруу;

— суу ресурстарын интеграциялуу башкарууну координациялоо жана жөнгө салуу;

— суу ресурстарына мониторинг жүргүзүү.

Бул агенттик суу ресурстарына мониторинг жүргүзүүсү толук ыктымал. Ал эми ирригациялык инфраструктуранын объектилерин өнүктүрүү программаларын иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу маселесинде алгылыктуу иш алып барганын дыйкандар уга элек. Суу пайдалануучулар ассоциациясына (СПАга) агенттиктин облустук, райондук бөлүмдөрү каналдардан сууну бөлүштүрүп саткан соң, андан ары дыйкандар менен СПА кызматкерлери эмне күндү көрүп жатканын бир Кудай эле билбесе, бу агенттик толук биле бербейт.

11. ВЕТЕРИНАРДЫК ЖАНА ФИТОСАНИТАРДЫК КООПСУЗДУК МАМЛЕКЕТТИК ИНСПЕКЦИЯСЫ жеке жана юридикалык жактар тарабынан Кыргыз Республикасынын ветеринария тармагындагы мыйзамдарын, техникалык регламенттер менен бекитилген продукциянын, ошондой эле ветеринардык жана карантиндик фитосанитардык контролдоого алынууга тийиш болгон продукциянын жана Кыргыз Республикасынын аймагында жүгүртүүдө турган ветеринардык препараттардын коопсуздугуна карата талаптардын бузулушун алдын алуу, аныктоо жана бөгөт коюу милдетин аткарат.

— Кыргыз Республикасынын аймагын жаныбарлардын жугуштуу ылаңдарынын кирүүсүнөн жана жайылуусунан коргоо.

“Медицина адамды дарыласа, ветеринария адамзатты дарылайт” деп бекер айтпаса керек. Кыргызстан сыяктуу төрт түлүк малы төрүндө жайылган мамлекетте мындай инспекция аба менен суудай эле керек экени баарыга маалым. Колунда ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук көзөмөл пункттары сыяктуу рычагы бар бул инспекциянын канчалык деңгээлде коррупциялашканын коомчулук улам жетекчилеринин кайырмакка түшкөн балыктай укук коргоо органдарына кармалып жатканынан билип калышты. А бирок, аткарган алгылыктуу иштери анчейин элдин назарына илинбей келүүдө.

12. АЙЫЛ ЧАРБА ӨСҮМДҮКТӨРҮН ЭКСПЕРТИЗАЛОО ДЕПАРТАМЕНТИ айыл чарба жана башка өсүмдүктөрүнүн үрөнүнүн жана көчөт материалынын сорттук жана себүү сапаттарын контролдоо;

— эгин кабыл алуучу ишканаларга жана менчигинин түрүнө карабастан башка чарба субъекттерине келип түшкөн айыл чарба дан өсүмдүктөрүнүн жана аны иштетүү продуктуларынын (ун, улпак, калдыктар) сапатын экспертизалоо жана мониторингдөө милдеттерин аткарат.

Дыйкандардан сурамжылап, министрликтин алдындагы структуралык бөлүктөр боюнча сөз козгосок, ушундай да департаменттер бар бекен деп таң калган дыйкандар өтө көп болду. Милдетинде көрсөтүлгөн айыл чарба жана башка өсүмдүктөрүнүн үрөнүнүн жана көчөт материалынын сорттук жана себүү сапаттарын кантип, каяктан контролдоп жүргөнүн бир да дыйкан-фермерлер билбейт экен.

13. АЙЫЛ ЧАРБАНЫ МЕХАНИЗАЦИЯЛАШТЫРУУ ЖАНА ЭНЕРГЕТИКАЛЫК ЖАКТАН КАМСЫЗДОО ДЕПАРТАМЕНТИ айыл чарбаны механизациялаштырууну мындай коюп, айдап-себүү мезгилинде дыйкандарды трактор менен камсыздоо маселеси колго алынбай келет. Тамчылатып сугарууну дыйкандар өзүлөрү колго алып, насос менен суу сордуруп, желим челектерге толтуруп, сугаруунун үнөмдүү жолуна өтүп жатканы департаменттин калкка көрсөткөн кызматы эмес. Ал дыйкандардын жеке иш-аракети.

14. БАЛЫК ЧАРБА ДЕПАРТАМЕНТинин максаты жана милдеттери Кыргыз Республикасында балык запастарын сактоо жана көбөйтүү, балык уулоону жана аквакультураны өнүктүрүү болуп саналат;

— көлмөлөрдүн балыктуулугун жогорулатуу жана товардык жана башка балык продукцияларын өндүрүүнү көбөйтүү;

— өндүрүлгөн жана сатылуучу балык азыктарынын сапатын жакшыртуу жана ассортиментин кеңейтүү;

— балык чарбасын өнүктүрүү жана жүргүзүү жаатындагы эл аралык долбоорлорду жана программаларды иштеп чыгууга жана ишке ашырууга катышуу.

Кыргызстанда соңку мезгилдерде балык чарбачылыгы жакшы жолго коюлуп баратканы байкалат. Бирок Балык чарба департаменти эмне милдеттерди аткарып жатканын айтуу кыйын.

Негизинен Айыл чарба министрлигинин 14 структуралык бөлүмдөрү менен Кыргызстандын дыйканфермерлеринин ортосунда байланыш жокко эсе. Ал эми министр карапайым калк менен жолугушуп, көйгөйлүү маселелерин угуп, чечкенди мындай кой, структуралык бөлүмдөрүнүн ишмердүүлүгүн толук көзөмөлдөгөнгө толук мүмкүнчүлүгү жетпей жатканын мекеме, ишканалардын кызматкерлери бекеринен айтып жаткан жок. Сөз кезеги министр мырзада, аргументтүү фактылар менен айтчу сөзү болсо биздин редакция кызматташууга даяр.

Бахпурбек АЛЕНОВ
№11 «Эркин-Тоо» гезити
2023-жылдын 14-февралы

 

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!