Жапалакта 5 миң кожолукка жаратылыш газы берилди
Ош шаарынын Жапалак айыл аймагындагы 5 миң кожолук жаратылыш газына кошулду.
Маалыматка караганда, аймактагы 9 айылга жалпы 2 чакырымга жакын газ түтүгү тартылып, иштер Ош шаардык мэриясынын каржылоосу менен «Газпром» ЖЧКсы тарабынан аткарылган.

Жапалак айылына газ тартуу маселеси буга чейин мэр Жанарбек Акаевдин президенттин тапшырмасынын негизинде жергиликтүү тургундар менен болгон жолугушуусунда көтөрүлгөн.