Жапаров, Алиев, Мирзиёев жана Рахмон бир аянтчада: Ысык-Көлдө жаңы гольф-клуб ачылды

Бүгүн, 30-июлда, Ысык-Көл облусунун Кош-Көл айылында эл аралык деңгээлдеги гольф-клубдун салтанаттуу ачылыш аземи өттү.

Иш-чарага Кыргызстандын Президенти Садыр Жапаров, Азербайжандын Президенти Ильхам Алиев, Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёев жана Тажикстандын Президенти Эмомали Рахмон катышты.

Аземде сөз сүйлөгөн Садыр Жапаров жаңы гольф-клубдун ачылышы өлкөнүн спорттук жана туристтик инфраструктурасын өнүктүрүүдөгү маанилүү кадам экенин белгиледи. Анын айтымында, бул долбоор Кыргызстандын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтип, туризм тармагын өнүктүрүүгө кошумча дем берет.

 

 

Президент ошондой эле мамлекет спорттук инфраструктураны кеңейтүү жана эл аралык стандарттарга жооп берген жаңы объектилерди куруу боюнча иштерди улантарын билдирди.

Салтанаттын соңунда Садыр Жапаров, Ильхам Алиев, Шавкат Мирзиёев жана Эмомали Рахмон символикалык алгачкы сокку жасап, гольф-клубду расмий ачышты.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X