Жапаров электр энергиясына чектөөнү кайра алынарын билдирди

27-апрель, 2021-ж. / Редакция / Башкы кабар 12

Президент Садыр Жапаров Коомдук биринчи каналга берген маегинде электр энергиясын пайдаланууга коюлган чектөөлөр кайра алынарын билдирди.
Буга чейин сунушталган тарифте Садыр Жапаров колунда бар үй-бүлөлөр 1 сом 48 тыйындан, ал эми кышкы мезгилде 1000 кВт сааттан ашса 2 сом 29 тыйындан эсептелерин маалымдаган болсо, эми 1000 киловаттык чектөөнү алып саларын айтты.

«Электр энергиясын байлар жагат да, кыштын күнү хан сарайы барлар үйүн жылытуу үчүн көп колдонот, ошол категорияга кыштын күнү 1000 киловаттан ашса 2 сом 29 тыйындан кылып көтөрүп койсок болот деген сунуш түшкөн. Азыр чектөө деген сөздү унуткула да, бирдей тарифти койгула деп жатабыз», — дейт Садыр Жапаров.

Муну менен аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө 74 тыйындан, бийик тоолуу аймактын жашоочуларына электр кубатын 1 сом 04 тыйындан, ал эми жашоо шарты жакшыларга 1 сом 48 тыйындан сунушталып, чектөөлөр алынат.

27-апрель, 2021-ж. / Редакция / Башкы кабар 12
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X